Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

ФУТБОЛ: ЕВРОПА-2008 МЕЛДЕШИН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ДА КҮТҮҮДӨ


Бүгүн, 7-июнда кечинде Швейцариянын Базель шаарында футбол боюнча Европа чемпионаттын ачылыш аземи болуп, биринчи беттешүү Швейцария жана Чехия улуттук командаларынын ортосунда болмокчу. Жыйырма үч күнгө созулчу мелдеште 4 топко бөлүнгөн 16 улуттук команда Европа чемпиондугу үчүн күч сынашат. Европа футбол таймашууларын көрүүгө кыргызстандык күйөрмандар да дилгир.

Бүгүн Швейцария жана Австрия өлкөлөрүндө баштала турган футбол боюнча Европа чемпионатында баш аягы 31 беттешүү болмокчу. Эки өлкөдө удаа чемпионат өткөрүү буга чейин Бельгия жана Нидерланды өлкөсүндө болсо, эми кийинкиси да 2012-жылы Польша менен Украинада болоорун аныкталды.

Эртеңки Европа чемпионатынын ачылыш аземи жана алгачкы беттешүүсү талаа ээлери Швейцария тандалма командасы менен Чехиянын футболчуларынын ортосунда Базел шаарындагы “Санкт-Якоб Парк” стадионунда болмокчу. Ал эми финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда өткөрүлөт.

Мыктыларды иргеп алуу мелдешинде Европанын 50 өлкөсү 14 орун үчүн атаандашып, курч таймашуулар болду.

Борбор Азиядан иреп алуу мелдештерине Казакстандын командасы катышканы эле бул өлкөнүн футболдук деңгээли өсүп баратканынан кабар берет.

Ал эми талаа ээлери Австрия менен Швейцария чемпионаттын уюштуруучулары катары эреже боюнча тандоосуз түз катышууда.

Европа футбол чемпионатынын өзгөчөлүгү жөнүндө өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов ой бөлүшөт:

-Көпчүлүк машыктыруучулар, адистердин баамында футбол тез ойнолуп калды. Оюндун ыргагы тез болгондуктан футболисттердин жүгү оорлоп, түйшүгү көбөйдү. Футбол мурдагыга салыштырганда бир кыйла ылдам оюнга айланды. Андыктан, футболго өтө көп көңүл бурулуп, бул бизнестин бир түрүнө айланды. Европа футболу өтө тездик менен өнүгүп баратат.

Быйылкы Европа чемпионаттын жеңүүчүсү кайсыл команда болушу мүмкүн экенин Бишкек шаардык футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Эмил Бусурманкуловдун айткан божомолу:

- Азыркы футбол өтө ылдам өнүгүп, мурдакыдай романтикалуу футбол жоголду. Азыр бардык командалар техникалык жана тактикалык эрежени аткарууга жанталашып турушат. Мурда бир мыкты футболчу оюндун тагдырын жалгыз чечип коюшчу. Бул ирет финалга Италия жана Германия чыгып, экөөнүн бирөө утат.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынан «Дордой» футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков уулу Улугбек экөө, футбол күйөрмандары Рысбек Мааткабылов, Айбек Осмоналиев, «Шоро» компаниясынын жетекчиси Табылды Эгембердиев баштаган 20дай күйөрман Австрия жана Швейцарияда өтүүчү таймашууларды көрүү үчүн барууга ниет кылышкан. Бирок өлкөнүн футбол федерациясы күйөрмандарга Европа чемпионатында барууга билет алып берүүгө көмөк көрсөтө алышкан жок.

Өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев Европа континенталдык футбол федерациясынын жетекчиси Мишель Платиниге билет боюнча үч ирет кайрылган. Ал кыргызстандык футбол күйөрмандары үчүн жарым финалдык беттешүүлөргө билет сурап кайрылганынан майнап чыкпай калганын, Европа чемпионатынын алдыдагы таймашуулары жана Бишкекте сентябрь айында өтө турган Азия футбол федерациясынын президентинин Кубогунун финалдык беттешүүлөрү тууралуу айтып, маек курган элек.

“Азаттык”: -Эки өлкөдө Европа чемпионаты башталганы турат. Бул мелдеш кандай деңгээлде өтөт дейсиз жана сиз кайсы курама команданын күйөрманысыз?

Амангелди Муралиев: -Европада чоң футбол майрамы башталса, абдан жогорку деңгээлдеги оюн болот. Мага Италия курамасынын командасы жагат. Ошондой эле Хорваттардын командасы дагы күчтүү ойноп жатышат. Бул майрам азыркы өнүккөн футболду көрсөткөнү турат.

“Азаттык”: -Амангелди мырза, Азиянын футбол боюнча чемпионатын, кубогун Европаныкындай деңгээлге көтөрүүгө болобу?

Амангелди Муралиев: -Өнүккөн өлкөлөрдүн курамалары өздөрүн жакшы эле көрсөтүшүүдө. Маселен, Япония, Корея, Иран ошондой эле Ирак Азиянын чемпиону болду. Кытайдын футболчулары дагы акырындан ийгиликтерге жетүүдө. Азия азыр туура жолдо баратат.

Ал эми бизде азыр 120 машыктыруучу айлык-акысын алып иштеп жатышат. Стадиондорду куруп жатабыз. Футбол базабыздын курулушунун экинчи этабы аяктады. Ал жерге эки чоң футбол талаасын жана эки кичи футбол аянтын куруудабыз. Туркияда, Орусияда, Кипрде, Казакстанда, Өзбекстанда жана Украинда биздин балдар ойноп жатышат.

Жакында эле Азия кубогунун группалык турнирин биз Кыргызстанда өткөрдүк. Ошондо биздин уюштуруу жагыбызды Азия конфедерациясы жогорку деңгээлде баалап, сентябрь айында клубдар ортосунда өтө турган, Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогуна арналган турнирдин, финалдык бөлүгү Бишкекте өтсүн деген жыйынтыка келишкен экен. Эми биз даярдыктарды көрүп баштамакчыбыз. “Дордой” командасы үчүнчү ирээт ийгилик жаратат деген үмүт чоң.

“Азаттык”: -Өкмөттүк деңгээлде футболду өстүрүп-өнүктүрүүгө камылга көрүлүп, камкордук журуп жатабы?

Амангелди Муралиев: - Алар негизинен калыс болушууда. Бизде футболду көтөрсө болот. Мисалы, Өзбекстанда президент баш болуп көз кырын салышууда. Футбол бул чоң реклама, саясат экенин алар түшүнүп жатышат.

“Азаттык”: -Маегиңизге ырахмат.

Топ жарып 16 мамлекеттин кимдер алдыга чыгат, байгени кайсы өлкөнүн футболчулары жеңиши мүмкүн? Мыкты футболчу ким болушу ыктымал?
Мына ушундай суроолор менен кыргызстандык футбол күйөрмандарына кайрылдык.

Эрмек: - Финалга Италия менен Португалия же Франция менен Германия чыгат. Быйыл Португалия чемпион болушу ыктымал.

Айбек: - Италия кайрадан үчүнчү ирет чемпиондугун сактап калат. Германия финалда аларга утулуп, экинчи болот. Ал эми Чехия үчүнчү орунду ээлейт.

Кайрат: -Бул жолу да италиялыктар баш байгени үчүнчү жолу жеңип алаарына ишенем. Башынан эле алардын күйөрманы болуп жүрөм.

Европа футбол чемпионатында Франция командасын сүрөөнгө алып, бирок орустарга ийгилик каалап турганын күйөрман Кенжебек Аркыбаев айтты:

- Азия өлкөлөрүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Футбол чоң саясатка айланып, дүйнө жүзүн арбап алды. Италиялыктар таза, мыкты футбол көрсөтүп, баарына үлгү болуп келишет. Алардын оюнун рахатка батып, ыраазы болуу менен көрдүм. Орусияга күйөрман болуп, ийгилик каалап тургам, бирок алар ишенимди актай албайт окшойт. Балким кийинки оюндарда жакшы ойноп, утуп алышаар, үмүттү өчүрбөй туралы .

Эми бүгүн Европа чемпионатынын алгачкы беттешүүсү Швейцариянын Базел шаарындагы жаңыдан кайра реконструкцияланып курулган 42 миң 500 орундуу “Санкт-Якоб Парк” стадиондо башталат.

Ошондой эле экинчи оюн да 7-июнда Швейцариянын Женева шаарындагы "Стад-де-Женев" стадионунда Португалия менен Түркиянын тандалма командаларынын ортосунда болмокчу.

Европа футбол чемпионатынын мелдештеринде ар дайыма күтүүсүз жаңылыктар болушу да ыктымал. Ошон үчүн мурдатан мыкты оюнчу тигил же бул болот деп айтуу азырынча эртелик кылат. Себеби алдыда дагы таймашуулар, күч сынашуулар турат.

Кабыл Макеш, Акан Иманов, Бишкек
XS
SM
MD
LG