Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Каспий деңизинин газ байлыктарын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/3C3D9195-8975-40E0-965F-9F269E121EC8.asp өздөштүрүүнүн жана тышкы базарга чыгаруунун жолдору боюнча соңку он жылдан бери ар кандай деңгээлдеги талкуулар, сүйлөшүүлөр жүрүп келүүдө. Бирок энергия баасынын асмандашы кечээги натыйжасыз сүйлөшүүлөрдүн бүгүн конреттүү аракеттерге өтүүсүн шарттап, Каспийдин энергиясы үчүн айгышкан атаандаштыкты күчөтүп жатат. Мунун айрым көрүнүштөрү ушул апта ичи да байкалды.

Каспийдин газ байлыктары үчүн атаандашкандарды бири - Орусиянын Газпром компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер ушул аптада азырынча ага газ сата элек Азербайжанда болду. Азербайжандын Каспийде Шахдеңиз деген ири газ кору бар. Миллердин айтымында, ал Бакуга көгүлтүр от үчүн "европалык бааны" сунуш кылды. Ага катар Газпромдун Азербайжандын бүткүл газын сатып алуу оюу бар экенин жана андан ары ал Европага Орусия аркылуу экспортолорун белгиледи.

Ошол эле учурда Европа да кандай кун менен болсо да азырынча эки гана өлкөгө газ саткан Азербайжандын көгүлтүр колдон чыгарбоону көздөйт жана Брюссель соңку кездери Каспий боюндагы өлкөлөрдө дипломатиялык аракетин күчөттү. Евробиримдиктин Азербайжандагы элчиси Аллан Ваддамс "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун азери кызматындагы маегинде, Газпромдун сунуш Баку үчүн четке кагууга кыйынга тургудай сунуш экенин жокко чыгарбады:

-Менимче, бул жакшы сунуш. Мен бул Азербайжандын көз карашынан алганда жакшы сунуш экенин эске алып жатам. Бул көп маселени чечет. Ал эми биз үчүн бул жакшы жаңылык эмес, бирок мен бул маселе Евробиримдик үчүн азырынча жабылды деп эсептебейм.

Азербайжан болсо азырынча Орусиянын сунушуна макул боло элек. Азербайжан бийликтери Газпром быйыл жыл башында эле ушул сыяктуу келишимдерди Казакстан,Түркмөнстан, Өзбекстан менен түзгөнүн жакшы билет. Ага ылайык Орусия 2009-жылдан тарта бул өлкөлөргө көгүлтүр от үчүн "европалык баа" төлөшү керек. Адистердин эсептөөлөрүнө караганда, европалык баа келерки жылы көгүлтүр оттун 1000 кубометри 300 доллар дегенди туюндурат. Газпром болсо Өзбекстан менен келишим түзгөндөн бир нече аптадан кийин эле 2009-жылы баа 210 доллар гана болорун айтып чыккан.

Ал эми Евробиримдик Каспий газын тартып кетүү үчүн азыр үстүнөн иштеп жаткан долбоор «Набукко» деп аталат. Азербайжандан башталган куур Түркияга чыгып, андан ары түштүк-чыгыш Европа аркылуу Австрияга чейин жетмекчи. Евробиримдик менен бирге Азербайжан да «Набуккону» Газпромдун Каспийге таасирин тең салмактоочу долбоор катары карайт. Азербайжандын мамлекетик мунай-газ компаниясынын вице-президенти Хошбахт Юсуфзаденин айтымында, бул долбоор анын өлкөсүнө качан компаниялар конкреттүү сунуш менен келгенде жардам бере алат:

-Качан «Набукко» иштей баштаганда, биз башка өнөктөштөрүбүзгө силер газды бул баада сатып алып жатасыңар, азыр кырдаал өзгөрдү, антпесе газ башка жол менен ага алат деп айта алабыз. Мунун баары экономикалык кырдаалга көз каранды болот.

Айтор энергия маселеси боюнча испаниялык аналитик Федерико Бордонардо Каспийдин газын көзөмөлдөө үчүн геосаясий атаандаштык азыр орто жолдо деп эсептейт. Ал белгилегендей, Европанын тынчыздануусунун бир жүйөөсү келечектеги баа гана эмес, энергетика коопсуздугу дагы:

-Эгер Орусия Казакстан менен Түркмөнстандын табигый газын көзөмөлдөп калса, бул алдыдагы он жылда болушу мүмкүн, Орусия ал газды Евробиримдиктин ордуна Кытайга сатууну чечет. Бул Европанын энергия коопсуздугу үчүн өтө коркунучтуу болмок.

«Набукко» долбоорун Кошмо Штаттар да колдойт. Бирок АКШ буга Каспий жээгиндеги беш өлкөнүн бири - Ирандын кошулуусуна каршы. АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орунбасары Мэттью Бруза "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун азербайжан кызматына ушул аптада Бакудан берген интервьюсунда мындай деди:

-Биз “Набуккону” Европага газды жеткирүүнү диверсификациялаган маршрут катары колдойбуз. Иранга байланыштуу биздин турумубуз, тилекке каршы түшүнүктүү. Биз “Набукко” Азербайжандын газын, ошондой эле балким Түрмөнстандын, балким Казакстан жана балким Ирактын газын тартуусуна артыкчылык беребиз.

Брюссель менен Вашингтон ага катар Казакстандан, чындыкка көбүрөөк жакыны Түркмөнстандан Каспийдин түбү аркылуу Азербайжанды көздөй куур төшөлүүсүн колдоодо. Ал куур андан ары газды «Набуккого» куя алмак.

Евробиримдиктин Кавказ боюнча өкүлү Питер Семнеби шаркет Азербайжан менен Түркмөнстандын мамилесин чыңдоо багытында иштээрин ушул аптада да дагы бир ирээт ырастады. Атаандаштык демекчи апта башында Ашхабадга түркмөн бийликтерин алар менен гана кызматашуу көбүрөөк пайдалуу экенине ынандыруу үчүн азыр эле жылы 50 миллиард кубометр газ алып жаткан орусиялык Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер дагы бир ирээт барып кайтты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG