Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17
Казакстанда башкаала Астананын он жылдык мааракесин утурлай шаарга президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси кайрадан көтөрүлүп, бирок президент четке каккандай болду.

Өзбекстанда өлкөнүн соңку тарыхындагы өтө карама-каршылыктуу инсандардын бири, тээ совет заманы учурунда эле камакка алынган Ахмаджан Адылов түрмөдөн бошотулду. Быйыл сексен үч жашка чыккан Адылов оболу 1984-жылы камалган. 1991-жылы абактан чыгып, бирок эки жылдан кийин түрмөгө кайрадан түшкөн эле.

Түркмөнстанга ЕККУнун учурдагы төрагасы келип кетти, өлкөдө эми жеке адамдардын да интернетти үйүндө пайдалануусуна уруксат берилүүдө.
XS
SM
MD
LG