Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

10:15 Жогорку Кеңеш жазуучу Чыңгыз Айтматовго кат жолдоду


Кечээ жолдогон катта парламент депутаттары Чыңгыз Айтматовго тез арада сакайып кетүү тилегин билдиришти. “Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргызстандын бардык коомчулугу сиздин саламаттыгыңыз үчүн тынчсызданууда. Элиңизге жана жериңизге болгон сүйүүңүз сиздин чыгармаларыңызда чагылдырылган. Ал чыгармалар аркылуу сиз ар бир кыргызстандыкты Мекенин, тилин, жаратылышын аздектөөгө үйрөтүп келесиз” деп айтылат депутаттар жолдогон катта. Мындан тышкары депутаттар жазуучуну Кыргызстанга келип, анын урматына өткөрүлө турган 80 жылдык мааракени кыргыз эли менен бирге белгилөө тилегин билдиришти. (ZMa)

XS
SM
MD
LG