Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:45

Саламаттык сактоо министрлигинин 2008-жылдын 31-майындагы кезексиз өткөн коллегиясынын чечимине ылайык “Ameri Gares” донор уюмунун “Адра Кыргызстан” кайрымдуулук фондунан бөлүнгөн 152 миллион 313 715 сом баасындагы гепатит же болбосо сарыктын С түрүнө колдонулуучу, бирок мөөнөтү өтүп кеткен гуманитардык жардам жок кылынмакчы.

Коллегиянын бул чечими менен дарылоо мекемелеринин айрым жетекчилери жумуштан алынып, айрымдарына сөгүш берилди. Саламаттык сактоо министрлигинин бул чечиминен кийин “Ameri Gares” донор уюму кээде тилекке каршы дарылардын мөөнөтү өтүп кеткен учурлар болуп каларын моюнга алды. Албетте мындай учурда дарыларды жок кылуу зарыл.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боордун сарыгын дарылоочу мөөнөтү өтүп кеткен “Пегинтрон” дарысынын Улуттук онкологиялык борбордо, жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканада жана аймактык ооруканаларда сакталып турганын көрсөттү.

“Ameri Gares” уюмунан гуманитардык жардам катары жөнөтүлгөн “Пегинтрон” Кыргызстанга келип түшөрү менен тең жана туура бөлүштүрүлгөндө, балким бул дары пайдаланылып да бүтмөк. Бирок “Пегинтрон” өңдүү сарыктын С түрүнө пайдаланылчу “Рибаверин” дарысы айрым туура эмес маалыматтарга карабастан, мөөнөтүнөн кечиктирилбей өз учурунда пайдаланылган деди саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев:

-Албетте мөөнөтү өтүп кеткен дарылар оорулууга пайдасын бербей гана тим болбой, зыянын да тийгизиши мүмкүн. Андыктан гепатиттин С түрүнө пайдаланылчу "Пегинтрон" жок кылынмакчы. Бул дарыны жок кылуу боюнча иш-чаралар кандай жүрөт, дегеле гуманитардык жардамдарды алуудагы мыйзамдарга кандай толуктоолор кирет – бул маселе 9-июнда Жогорку Кеңеште каралмакчы. Сарыктын С түрүнө колдонулчу “Рибавериндин” да мөөнөтү өтүп пайдаланылбагандары бар экен деген маалымат туура эмес болуп чыкты. Мен Бишкектин, бүт аймактардын ооруканаларын текшертип чыктым, пайдаланылбай калган “Рибаверин” жок экен.
XS
SM
MD
LG