Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ: "БЕЛГИСИЗ БАГЫТ"


Бул жумада кинорежиссер Темир Бирназаров тарткан “Белгисиз багыт” тасмасынын бет ачаары болду. Фильмде күнүмдүк жашоо чагылдырылган. Окуя башынан аягына чейин автобустун ичинде өтөт. Тасманын бюджети 3 миллион сомду түзүп, каражатты өкмөт бөлгөн.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде немис сүрөтчүсү Гудрун Криппнердин эмгектеринен турган “Кыргызстан көз ирмемдери” аттуу фото көргөзмөсү ачылды. Анда сүрөтчүнүн 100дөн ашык фотосүрөттөрү коюлду. Кыргызстандын табиятын, жашоо-шартын ар кыл мүнөздө чагылдырган эмгектер бар.

5-6-июнда Улуттук филармонияда Дилшат Кангелдиева, Нуриса Абазова, Салима Балтаева жана башка кыргыздын ырчы кыздары “Достор” аттуу концерт уюштурушту. Кечеде “Камбаркан” фольклордук этнографиялык тобунун коштоосунда элдик эски чыгармалардан тартып эстрадалык ырлар жана хорлор жаңырды. Уюштуруучулардын айтуусунда бул концерт Улуттук телеканал аркылуу жалпы журтка көрсөтүлөт.

Бейшемби күнү Парижде белгилүү модельер Ив Сен- Лоранды жерге берүү зыйнаты болуп өттү. Ага Франциянын өлкө башчысы жубайы менен, модельерлер - баардыгы болуп 800гө жакын адам катышты.

Ушу күндөрү Францияда “Париж жазы” искусство фестивалы өттүүдө. Ага Борбор Азиядагы жаш кинематографисттери дагы катышып, Кыргызстандан үч кыска метраждуу фильм сунушталган. Кыргыз кинематографисттер союзунан билдиргендей фестивалда Наргиза Маматкулованын “Топташ”, Акжол Бекболтовдун “Бизде баары жакшы” жана Айбек Дайырбековдун “Бак” тасмасы көрсөтүлдү.

Орус өкмөтү Пушкин атындагы музейдин 100 жылдык мааракесине даярдык көрүү үчүн дагы кошумча төрт жарым млрд. рубль каражат бөлдү. Бул мааракеге карата Москванын борборунда “Музей шаарчасы” курулаары маалымдалды.

Ушул айдын соңунда Орусияда 30-мааракелик Москва эларалык кинофестивалы башталат. Уюштуруучулардын айтуусунда фестивалдын программасы такталып бүткөн. Ага ылайык сынакта 16 тасма кино күйөрмандарынынын сынына коюлат. Анын экөө орус кинорежиссерлору жараткан тасмалар.

Белгилүү британ кинорежиссеру Гай Ричи Шерлок Холмс тууралуу тасма тартат. Режиссер кабарлагандай бул фильм буга чейинки тартылган варианттарынан өзгөчөлөнөт. Ал эми башкы каармандын образы азыркы заманга ылайыкташтырылат.
XS
SM
MD
LG