Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

ЭЛ ҮНҮ: ИНФЛЯЦИЯ, СӨЗ ЭРКИНДИГИ ЖАНА ЖУМУШСУЗДУК


“Эл үнү” рубрикасына бул жолу кайрылгандар, ансыз да жумушсуздук төбөдөн басып турганда кымбатчылык элди бөөдө жүдөткөнү, элдин байлыгы болгон жерлер сатылып кетүү коркунучунда турганы, эркин гезиттердин миллион сомдон доого жыгылышы, чегара маселеси, жолдордун начарлыгы тууралуу кеп козгошту.

Өзгөндөн “Азаттыктын” “Эл үнүнө” кайрылган Өзгөндүк Төлөгөн Жолдошов жергиликтүү элдин негизги көйгөйлөрүн көтөрүп, абал барган сайын оорлоп баратканын айтты. Анын айтымында, Өзгөндө көптөгөн адамдар жумушсуздуктун айынан жалданма базарларда турганга аргасыз болуп жатышат, алардын мээнетин жалдагандар арзан баалап, кыйласы араң оокат кылып жүрүшөт. “Президент өткөндө бизде жумуштар бар, ошолорго барып иштешпейби деп айтып атат телевизордон. Бирок чынында жумуш жок, эгер бар болсо мобу адамдарга таап бербейби. Мына, мобу жалданма базарда тургандардын саны көбөйүп баратат, кымбатчылык болсо күн сайын өсүп баратат”,- деди Т.Жолдошов

Балыкчы шаарында турган Айша аттуу “Азаттыктын” угарманы “Эл үнүнө” кайрылып, бийлик өкүлдөрүнөн, анын ичинде президенттин маалымат катчысынан, “учурда Кыргызстандын Нарын, Ысыккөл, Оштогу бир топ жерлери коңшу өлкөлөргө сатылганы жатыптыр деген сөздөр жүрүп жатат, буга карата президенттин, бийликтин пикири кандай?”,- деп сурады.

Тилекке каршы президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевге байланышуу мүмкүнчүлүгү болгон жок, рубрикабыздын кийинки чыгарылышында бул маселеге дагы кайрылабыз.

Жалалабад облусунун Базар коргон айылында жашаган ардагер Абыл Самсалиев айылындагы аксакалдарынын атынан кайрылып, “Де-факто” гезитинин “Бакиевдерге жардам” деген акциясына кошула тургандарын айтып, 200дөн ашуун карыялар ачка отургандарына карабай, “Бакиевдерге жардам” катары бир сомдон чыгарууга макул болушканын, эми гезитке ал акчаны кандайча берип жиберүү керектигин гезит жетекчилигинен сурады.

“Эл үнүнө” кайрылган бул угарманыбызга жооп берген “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова, тилекке каршы гезиттин ар бир райондо кабарчылары жок экендигин, ал эми облустук борборлордо турган кабарчылар дайыма эле айылдарга жете алышпасын айтып, эгер акцияга кошула турган адамдар бар болсо атайын тизме түзүп, кол койдуруп, бир сомдон конвертке салып туруп почта аркылуу жолдоп жиберишсе болорун, дагы бир жол Бишкекке каттаган адамдардан берип жиберишсе да болорун айтты.

Андан тышкары кыргыздын белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу пикирин айтып, ага бекем денсоолук каалаган угарманыбыз да бар. Сокулуктан байланышка чыккан “Эл үнүнүн” дагы бир күйөрманы Өндүрүш Токтоназаров, улуу жазуучу ден-соолукта болуп, быйылкы 80 жылдык мааракесин аман-эсен, эли менен бирге өткөрүп алышын тиледи.

Жалалабад облусунда жашаган Жанаргүл Өмүрзакованын пикиринде, учурда азык-түлүктүн баасынын кымбаттап кетишинен Кыргызстанда карапайым эл кыйналып турат. Буга биздин бийликтин кош көңүл мамилеси, системалуу иштөө жок болгону менен байланыштырышты.


Ал эми “Эл үнүнүн” дагы бир каарманы, Нарын районунун тургуну Өмүрбек Исмаилов, Нарын шаарындагы жана Салкынтөр эс алуучу жайына барчу жолдор абдан талкаланып бүткөнүн, мындай жолдор турганда туристтер деле келиши күмөн экенин айтты.
Ага жооп берген Нарын райондук акимчиликтин жол боюнча бөлүм башчысы Рысбек Шалтаев, ал жолдорду оңдоо быйылкы планда бар экендигин, жолдор жамаачылап оңдолоорун айтты.

XS
SM
MD
LG