Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

“Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөктүн кезектеги чыгарылышы аз жашаса да, артына кыргыз угармандары менен бирге жашай турган эч качан карыбай, арыбай, өлбөй, өчпөгөн ондогон махабат ырларын чыгарган таанымал обончу, ырчы, маркум Алтымыш Кадыровдун чыгармачылыгына жана тагдырына арналды.

Алтымыш Кадыров. Ал өмүрү бүрдөп, чыгармачылыгы гүлдөп, жумурай журтка обончу, ырчы катары таанылып, ырлары ооздон-оозго көчө ырдалып, кадыр-барка алынып турган кезинде 2001-жылдын 10-майында 47 жаш курагында күтүүсүздөн о дүйнөгө сапар алат. Алтымыш Оштун Карасуусундагы Кызылордо, Акжар, Ортомечит деген аттарда аталган, көргөндөрдү кооздугу менен суктанткан айылда жылкычынын үйбүлөсүндө туулат. Кадыр алтымышка чыкканда көргөн уулунун атын ырымдап Алтымыш коет. Ал турсун ата-энеси наристени Сулайман тоосуна алып барып кулагын көзөп, сөйкө тагышат. Алтымыш боорун жерден көтөргөндөн кулун, тайлар менен жарышып, өтө тентек өсөт.

Жаш баланын ырга ынактыгын, күү жандуулугун байкаган акасы Мамат музыкалык аспаптын жоктугунан кадимки эле чөмүч сузгуну капкактап, зым тагып чертирип көрүп, “Сенден келечекте бир деме чыгат” деп, кол чаап мактачу экен. Ал эми жаш уландын музыкага болгон кызыгуусун байкаган дагы бир Көчкөн аттуу агасы Алтымышка мандалин сатып берет. Ошол күндөн Алтымыштын музыкага болгон сүйүүсү баштагыдан да артат, баштагыдан да күчөйт.

Классташтары Маматжан, Орунбай, Камал ж.б. Алтымыш Кадыров менен Лариса Асанбекованын 2002-жылы чыккан “Обондордун оболосун кылымга” аттуу китебине: “Мектепте окуп жүргөндө эле Алтымыш аябай тентек болчу. Ойго келбеген окуяларды ойлоп таап, баарыбыздын боорубузду эзчү. Музыка менен дене тарбия сабагынан дайыма беш алганы менен башка сабактарды начар окучу. Ырдаган жагынан, чуркаган жагынан эч кимибиз жетчү эмеспиз. Биздин класстын ичинен эрте жетилгени да ушу Алтымыш болгон. Классташ кыздарды биринчи бетинен өпкөн дагы Алтымыш эле” деп жазышкан. Ал эми Алтымыш эр жетип, орто мектепти бүткөндөн кийин ДТ-54 тракторун айдайт. Ал басса-турса да, тракторду айдаса да ай талааны жаңырта, трактордун үнүн баса ырдайт.

“Ата журт”

Сөзү Л.Асанбекованыкы. Обону А.Кадыровдуку

Ата-журт ай асмандан нурун чачкан,
Ак булут, аккуулары каалчып учкан
Алыстан мээрим чачып алпештейсиң
Ак сүтүң энеме окшоп мага арнаган.

Ата журт топурагың асыл, алтын,
Нуруна жуурулгансып күндүн, айдын
Сагынам, куса болом сени ойлоп
Жыл сайын кымбат болуп мага баркың.

Ата журт киндик каным тамган жерим,
Аска тоо, мөл булактуу кыргыз элим.
Кай жерде жүрсөм дагы сенден алыс,
Күч кубат берип турат сенин демиң.


Алтымыш обондорду кыргыздын абалкы шайырларынын жолдорун жолдоп, салттарын улап чыгарат. Анда музыкалык сабат караманча жок эле, нотаны таанучу эмес. Ошондой болсо да ал аккордеонду теңшыта тартып, мандалин, балалайканы, гитараны безилдете чертет.

Акыркы жылдарда Алтымыш обон чыгаруу, ыр жазуунун, аткаруунун артынан сая түшөт. Ал “азыр кандай темада чыгарма чыгарсам да эч кыйналбай, жеңил жазып жатам. Деңизден келген толкундай болуп, бириң кармасам бирине үлгүрбөй жатам” деп, обондон обонду чыгарат. Айрыкча ал кайсы заманда жашасаң ошонун ырын ырда, дегендей бүтүндөй чыгарган обондорун эстрадалык топтордун коштоосунда ырдайт.

“Көлдөгү махабат”

Сөзү А.Барпиевдики. Обону А.Кадыровдуку

Көл жээги көркөм баарына жагып,
Кайыкка түштүк экөөбүз барып,
Суу жээги тарткан сулуулук калды.
Турганда бирге жүрөктөр кагып.


Кайырма:

Шарпылда көлүм шарпылдай берчи.
Шапатаң тийсин жакындай келчи.
Сырдашкан жаштык күбөөсү болгон
Шамалың көлүм өмүрдүн кенчи.

Чайпалса кайык чалкалай калып,
Жүзүңдүн турду ажары жанып,
Анда да турдук ачылбай ара,
Алкымың сүйсөм илебиң калып.

Сезилбей өттү убакыт тарып,
Сезимди козгоп көздөрүң жанып.
Анда да турдук айталбай сырлар
Артылган колуң мойнумда калып.


Алтымыш баш-аягы аттуу-баштуу эл акындары Сооронбай Жусуев, Жалил Садыков баштаган ж.б. акындардын сөздөрүнө (ырларына) алтымыш обон, алардын ичинен 24 акыркы жубайы акын Лариса Асанбекованын сөзүнө чыгарыптыр. Булардын көпчүлүгү ырдалып да, жазылып да бүтпөгөн түбөлүктүү тема махабатка арналыптыр.

Алтымыш “колго тийген коенду кое берген оңобу” деп колуна тийген ырларга обон чыгарбастан, “жонун басып, тишин ачып” дегендей обондорунун көркөмдүүлүгүн арттырып, маңыздарын байыта тургандай терең мазмундуу ырларга обон чыгарат. Эл акыны Жалил Садыков Кадыровдун “Обондоруң оболосун кылымга” аттуу обондуу ырлар жыйнагына жазган эскерүүсүндө:

- Алтымыштын ырдын сөзүнө көп маани бергенин жактыруучу элем. Ал обон чыгарардан мурун мааниси терең ыр издөөчү. Мен анын ушул сапатын баалачумун. 1995-жылы чыгармачылык концертине барып, ушунчалык эс алып рухий жактан ырахаттанып келгеним эсимде. Анын мукамдуу кайрыктары аваз үнү жүрөгүмдө калды. Ал өзгөчө талантуу обончу эле. Таланты өзү жазган Акбууранын суусундай шаркырап агып, толуп ташып туруучу. Бир жылдын ичинде бир нече керемет обон жаратканы анын талбай эмгектенгенинен, изденгенинен, касиеттүү өзгөчөлүгүнөн кабар берип турат, - деп жазган Жалил мырза.

“Жалжалымсың, жалжалым”

Сөзү Ж.Садыковдуку. Обону А.Кадыровдуку

Сен менин жалжал көзүм жалжалымсың,
Сен менин жандай көргөн ардагымсың
Сен мага сүйөм деген бир сөз айтсаң,
Өзүңө бүт өмүрүм арнарым чын.


Кайырма:

Жалжалым жалжалымсың
Ардагым ардагымсың
Сен мага сүйөм деген бир сөз айтсаң
Өзүңө бүт өмүрүм арнарым чын.

Артылып көрбөй калсам сагынычым
Кусадан кыйын болот арылышып,
Ачык айт неге калдың кабак бүркөп,
Ачык айт эгер болсо таарынычың.


Кайырма:

Антпечи бүркөбөчү кабагыңды,
Көрсөм дейм айдан ачык жамалыңды
Катсаң да жүрөгүнө барчу жолду
Ишенгин качан болсо табарымды.


Кайырма:

Бүгүнкү бири кем дүйнөдө “жанылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” тура. Маркум Алтымыш да уккандардын көңүл кушуна айланган обондорду чыгаруу менен бирге жеке турмушунда көп жаңылып, көп мүдүрүлүптүр. Ал 47 жаштын аралыгында Абаскан, Нарынгүл, Рая, Лариса ж.б. селкилерге үйлөнүптүр. Төрт эркектин, бир кыздын атасы болуптур.

Алтымыш ак талаалык ырчы, журналист Рая Нургазиева менен алты жыл жашап, Талант, Самат аттуу уулдуу болот. Алтымыштын жубайы Рая маркумдун үйбүлөгө, ата-энесине, дегиле адамдарга болгон жакшы сапаттарын айтып келип, обончулугу жөнүндө ал буларды эскерди:

- Алтымыштын чыгармачылыгы эсилкайран СССРдин учурунда башталган. Алсак “Чабан кызга”, “Ак буура”, “Балалык” шекилдүү ж.б. эл, жер жана лирикалык маанайдагы ырларды жазды. Акыркы жылдарда сүйүү темасына көбүрөөк кайрылды. Себеби өмүрүнүн акыркы бир жылын акын Лариса Асанбекова менен жашап калды. Келинчеги Лариса сүйүү ырларын көп жазат экен. Ошонун ырларына көп обон чыгарды. Мен билгенден Алтымыштын бир обону экинчи обонуна окшошпойт. Ал эми тигил, же бул обончунун кайрыктарын укканыңда эле “а баягы обончунун ыры турбайбы” деп билсе болот. Ал эми Алтымышта андай жок. Маселен Алтымыштын “Көлдөгү махабат” деген ыры менен “Балалык” аттуу ырынын кайрыктары такыр бири-бирине окшошпойт. Эгерде Алтымыш бала кезинде музыкалык билим алса, чоң симфониялык чыгармаларды жаратмак. Алтымыш нотаны билбесе да эли менен жашай турган обондорду жаратып кетти.


“Эң алгачкы көз караш”

Сөзү Т.Байзаковдуку. Обону А.Кадыровдуку

Көзүң менен көзүмдү алалбаймын,
Мен өзүңө батынып баралбаймын
Эң алгачкы көз караш сыйкыры бар
Баштаар сөздүн ачкычын табалбаймын.

Көзүм менен көзүңдү кантип таптым,
Көзүң менен көзүмө олоо жактың,
Карегиме карегим кынааларда
Кирпигиңди тизилген не деп жаптың.

Кирпигиңди көтөрчү бир аз гана,
Көз отуңдун илеби тийсин мага
Жоодураган түн сыяк кара көздөн
Жарк-журк этсин учкундар жылдыздана.

Эң алгачкы көз караш нурдай болуп,
Эртели кеч эрчиткен сырдай болуп
Эсте калат эскирбей ошол бойдон.
Эл жаттаган ашыктык ырдай болуп.


- Рая айым, маркум Алтымыш менен алты жыл жашап, бакандай эки уулдуу болуп туруп, эмне себептен ажырашып кетиңиз эле?

-Биринчиден, ошол кездеги менин жаш мүнөзүм деп эсептейм. Мен Алтымышка 18 жашта турмушка чыктым. Көрсө, жаш кезде барыбыз жаңылат экенбиз. Мен төрөлгөндө башка жерде төрөлүп, башкача тарбияда өскөм. Күйөөгө чыккан жерим мен ойлогондой болбой, Алтымыш менен мүнөзүбүз келишпей, көрсө, ал атак-даңка ээ болуп, көөп калган кезинде туш болуптурмун.

Менин айтканымды ал укпайт, анын айтканын мен укпайм. Барынан дагы Ош областынын Карасуу районуна турмушка чыккан айым иштебей, үйүндө отуруш керек деген принципти колдонушат экен. Мен окуйм десем окуткан жок, өзүм ырдоочу элем ырдатпайт. Ошол кезде бири-бирибизге түшүнбөстүк кагылышуулар көбүрөк боло баштады. Өзүмдүн көк бетирээк мүнөзүм бар. Ошондуктан Алтымыш менен окутпасаң, ырдатпасаң деп бир чечимге келип ажырашууга туура келди. Эки жылда музыкалык студияны, төрт жыл музыкалык орто окуу жайында, алты жыл Ош университетинин журналистика факультетин окуп бүттүм.

-Ырахмат, Рая айым.

“Кетпечи”

Сөзү Л.Асанбекованыкы. Обону А.Кадыровдуку

Жанымдан алыс кетпечи
Эңсетип мени эзбечи
Жалындап турган жүрөккө
Мупмуздак сууну сеппечи.

Суранам сенден жан биргем,
Суусатып таштап кетпечи
Сүйүүңө мени сугарып
Өткөргөн күндү эстечи.

Махабатка мас болгон,
Күндөрдү жаным унутпа,
Жүрөгүмдү жаралап
Алымды мени курутпа.

Өмүрүм сага арналган
Көңүлүм сага байланган
Умсунтуп таштап кетпечи
Баладай мени алданган.


“Ата өнөрү балага” дегендей азыркы кезде Алтымыштын Талант, Самат аттуу уулдары “60.К” деген эстрадалык топту уюштурушуп, атасынын мурастарын калкка кеңири жайылтып, өнөрлөрүн өркүндөтүшүүдө.
XS
SM
MD
LG