Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

ОРУСИЯ: МУНАЙГА БАЙЛАНГАН ЭКОНОМИКА


Амирбек Усманов, Прага Бүгүн Орусиянын дүкөндөрү түрдүү товарларга толо. Экономика --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/52696F2D-C127-42CA-BDCC-0DA85B5CA53E.asp ырааттуу өсүп, катардагы жарандар жайкысын тыш өлкөлөргө чыкчу болду. Миллиондогон мекенчилдерди кубандырып, "Зенит" УЕФАнын кубогун, орусиялык хоккейчилер дүйнө чемпиондугун, Дима Билан "Евровидение" сынагында жеңип чыкты. Өкмөт көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары Владимир Путин мамлекет башында турган жылдарда Орусия чоң ийгиликтерге жеткенин айтып, элди кубандырууда. Ал эми билги серепчилер орус экономикасынын жетишкендиктери жөнүндө эмне дешет?

Мунайдын кымбаттоосу 1998-жылкы дефолттон ала-салган Орусия жана Ельцин мураскор-президент кылып калтырган Владимир Путин үчүн өтө пайдалуу болду. Гарвард университетинин профессору, көрүнүктүү америкалык экономист Маршал Голдман айткандай, мунай дефолтто кудурети качкан Орусиянын бутуна турушуна өбөлгө түздү:

-Бир жагынан мунай Орусияны кудуретсиздиктен куткарып, баргер өлкөгө айлантты. Путин президент жылдары өтө жакыр адамдардын саны 30 проценттен 14-15 процентке түштү. Бирок, кымбат мунай, күчтүү рубль жана мол импорттук товарлар Орусияда өнөр жайды өнүктүрбөй шал кылууда. Ал аз келгенсип, мамлекеттин колуна эсепсиз каражат топтолгон. Муну мен "орус дарты" деп атайм. Бул бийлик ичинде, жеке менчик ишкерлер арасында, мамлекет жана жеке менчик ортосунда каражат үчүн ыплас күрөштү пайда кылат.

Путин президент жылдары Орусия тышкы карыздан да кутулду, валюта кору 500 миллиард долларга жетти. Ички дүң продукциясы эки эсеге өстү. "Азаттыктын" талдоочусу Михаил Соколов экономикалык өсүүнүн башаты 1990-жылдардын 1-жарымында Гайдардын өкмөтү жүргүзгөн реформада жатат:

- Орусиянын экономикасы өсүүгө даяр болчу. Өсүү 1998-жылкы дефолттон кийин экономикадагы жасалма чектөөлөр алынып таштаган соң кыймылга келген. Путин реформаны жасаган адамдар тууралуу айтканды сүйө бербейт.

Соколов калктын турмуш абалы акыркы 7-8 жылда бир кыйла жакшырганын танбайт:

- Албетте, калктын социалдык абалы жакшырууда. Мунайдан түшкөн кирешенин үзүрүн элдин түрдүү катмарлары, анын ичинде жардылар да көрдү. Алар орто класска жакындай баштады. Бирок, бай-жардылар арасында, Москва менен Петербург жана башка региондор арасындагы ажырым чоң.

Профессор Голдман Путинди демократиялык укуктардын сакталбаганы жана сөз эркиндигин чектөө үчүн сындоо менен, экономикада коррупция күчтүү экенин, чакан бизнестин үлүшү ички дүң продукциянын 10-15 процентин түзөөрүн чоң кемчилик катары карайт. Мунай-газга талап кыскарса, Россияда чоң өзгөрүүлөр болот, дейт аалым:

- Эгер табигый байлыктардын наркы пастачу болсо, Орусиянын кору бир нече мезгилге жетет. Андан соң киреше бөксөрөт. Бул өкмөттүн алмашуусуна алып барышы мүмкүн. Мунайдын кирешеси бууга айланып кеткенин элестетип көрүңүзчү. Орусиянын эч нерсеси калбайт. Азыр эле орус өкмөтү стабилдештирүү корунан каражат алууга аргасыз болууда. Ал каражат экономикада отун энергиясына альтернативдүү тармактарды түзүүгө жумшалып жаткан жок.

XS
SM
MD
LG