Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

14 ЖАШАР ПАКИСТАНДЫК ЖАНКЕЧТИНИН ТАРЖЫМАЛЫ


Амирбек Усманов, Прага 14 жаштагы Шакирулла азыр Ооганстандын улуттук коопсуздук кызматынын абак жайында отурат. Аны ооган аскерлеринин кыраакылыгы өлүмдөн сактап калды. Болбосо, Пакистанда медреседе таалим-тарбия алып, кийин күчтөп жанкечтиликке --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/06/EAE520A2-A763-472B-8102-4A5125B36A05.asp жөнөтүлгөн Шакирулла белине байланган бомбасы менен кошо өзүн-өзү күм-жам кылмак. Пакистандык баланын айтышынча, медреседе аны менен кошо дагы 50дөй адам окуган.

Шакирулла бир жыл мурда эле Түштүк Вазирстандын тоо койнундагы Жандул кыштагында үч акесин ээрчип, дүйнө бекабар жүргөн. Күтүүсүздөн эле жай ортосунда атасы Нур Али Хан уулун билим алсын деп, коңшу айылдагы Салиб медресесине жиберет. Азыр ооган түрмөсүндө отурган Шакирулланын «Эркин Ооганстан» радиосунун кабарчысына айтышынча, медреседе аларды жалаң пакистандык дамыллалар окуткан:

-Түштүк Вазирстандын Салиб медресесинде элүүдөй адам окудук. Мугалимдердин баары Пакистандан эле. Мен ал жерде 5 же 6 ай болдум.

Шакирулланын сөзүнчө, мугалимдер медереседе аларга негизинен Куранды окуткан. Анан эле бир күнү Шакирулла Куранды окуп бүткөндөн кийин мугалим аны коңшулаш Ооганстанга барып жанкечтилик кылып, шейит өлүүгө үгүттөй баштайт. Башка мугалимдер да жанкечтилик кылсаң «эч качан өлбөйсүң» деп айтышат. Шакирулла ата-энесин көрүп келейин деп сурангандан тарта мугалимдердин жанкечтилик кыл деген кысымы ого бетер күчөйт.

Шакирулланын айтышынча, мугалимдер бомба чабуулуна барып келмейинче, ата-энеңди көргөнгө жибербейбиз, казаттан кайтып келер замат үйүңө барып келесин деп ишендиришет. Шакирулланы Пакистандан Ооганстанга алып келген Азизулла деген дамылла жардыргыч заттар толтурулган чыптаманы америкалык аскерлерге чукул барып жардыр деп тапшырма берет:

-Алар мага Ооганстанга бар, өзүңдү бомба менен жардыр, анан кайтып келесиң деп айтышты. Азизулла мага үйүмө кабар айтканга уруксат бербей койду. Ал мени Ооганстанга күчтөп алып келди. Мен Куранды окуп үйрөнгөндөн кийин алар: «Эми жанкечтилик чабуулуна баргын. Келериң менен ата-энеңе барасың» деп айтышты да мени Ооганстанга алып келишти.

Бомба шыкалган чыптаманы жашыруу үчүн кенен кийим кийген жана оор кыймылдаган Шакирулланы Хост провинциясындагы аскерий бекетте турган ооган жоокерлери байкап калып, өлүмдөн сакташат.

Шакирулланын сөзүнө караганда, колго түшкөндөн берки үч айда медресенин мугалимдери аны келбес өлүмгө айдаганын түшүнгөн жана аман калганына өзүн бактылуу сезет. 14 жашар бала абактан чыккандан кийин окууну уланткысы келгенин, апасын аябай сагынганын айтат.

XS
SM
MD
LG