Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

ТБИЛИСИ МЕНЕН МОСКВАГА БРЮССЕЛ АРАЧЫ ТҮШҮҮДӨ


Үстүбүздөгү аптада Европа биримдигинин мартабалуу өкүлдөрү абхаз жаңжалын жөнгө салуу аракеттерине шымалана кирише баштады. Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Бенита Ферреро Валднер Москвага барганда бул маселеге олуттуу көңүл бурулганын бышыктады. Анын аралыгында биримдиктин тышкы иштер комиссары Хавиер Солана Грузия менен андан бөлүнүп кеткен Абхазияны --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/75510D66-BA43-41E9-8C5F-DA0E003E02A6.asp кыдырууда.

Мындан мурдараак Москва менен Грузиянын ортосундагы мамиле кескин курчуп кеткенде, Евробиримдик ал жактарга ортоңку баскычтагы бюрократтардан турган делегациясын жиберүү менен чектелген эле. Буга караганда, Брюссел эми кырдаалга арачы түшүүнү чечкен шекилдүү.

Ушул бейшембиде Европа парламентиндеги конференцияда Бенита Ферреро Валднер Орусияга барганда Грузия күн тартибиндеги олуттуу маселелердин бири болгондугун мындайча баяндады:

- Орусиялык өкүлдөр менен жолукканда мен "Диалогду кайра баштоо үчүн эмне кылышыбыз керек?" деген суроону кабыргасынан койдум. Бир жагынан Грузия менен Абхазия, экинчи жагынан Грузия менен Орусия диалог башташы үчүн эмне кылабыз? деген маселени козгодум.

Анын аралыгында, Европа биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Хавиер Солана Грузияга келди. Тбилисиден кийин ал Абхазияга барууда.

Ферреро Валднер көйгөйдүн оң жагына көбүрөөк басым жасап, грузин президенти Михаил Саакашвили менен анын орусиялык кесиптеши Дмитрий Медведев 6-7-июнь күндөрү Санкт-Петербургда өтүп жаткан бейформал самиттин чегинде көзмө-көз жолугушууга макулдашкандыгын белгиледи.

Ал ошондой эле "бул жолугушуу жаңы диалогго жол ачат" деген үмүтүн билдирип, бирок эки тарап тең мунасага даяр болбосо, мындан майнап чыкпай тургандыгын эскертти.

Евробиримдиктин тышкы байланыштар комиссары мындан тышкары Абхазияда турган Орусиянын тынчтык аскерлеринин бир бөлүгүн КМШнын башка өлкөлөрүнүн күчтөрү менен алмаштыруу сунушу да каралып жаткандыгын мындайча каңкуулады:

- Биз ошондой эле тынчтык аскерлеринин курамын өзгөртүп, КМШнын башка мамлекеттеринен да аскер кошуу мүмкүнчүлүгүн сөз кылдык. Москвадагылар буга караманча каршы, бирок алар "Грузия чатакты каалабай тургандыгы тууралуу ачык-так билдирүү жасасын" дешти.

Грузия Орусияны "тынчтык аскерлерине шылтоолоп, Абхазияда аскер топтоп жатат" деп ырастап келет. Евробиримдик иш жүзүндө бул ырастоону колдоого алган.

Анын аралыгында, Орусиянын парламенти "Абхазиядагы тынчтык аскерлери мындан ары нейтралдуу да, бейтарап да болбойт" деп айтылган резолюция кабыл алды. Бирок бул резолюция аткарылышы милдеттүү мыйзам эмес.

XS
SM
MD
LG