Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Өтүп бараткан апта Кумтөр чатагынын ырбашы, райондук сот тарабынан “Де-факто”, “Алиби” эркин гезиттерине 1 миллион сомдон --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/06/91D274B0-37F3-4B96-B111-006D2FCDE7F0.asp айып пул салышы жана Жаныш Бакиевдин кайрадан бийлик сересине көтөрүлүшү менен коштолду.

Кыргызстандын Кумтөр алтын кенине ээлик кылган Канаданын “Центерра голд инк” компаниясы кенге байланыштуу кыргыз өкмөтү менен талашты эл аралык арбитражда чечээрин 3-июнда жарыя кылды. Муну менен алар 2007-жылы 30-августа ал кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдын тушунда жетишилген келишимден артыкча Кыргызстанга эч нерсе бере албасын ачыктагандай болду.

Өткөн жылдагы келишимде канадалыктар Кыргызстандын “Центерра голд инктеги” акциясын 16%га жакын көбөйтүүгө, жакынкы жылдары 10-11% салык, андан кийин 12% салык төлөөгө макулдугун берген.

Бирок ал келишим убагында ратификацияланган жок. Анын ордуна кыргыз тарап жаңыдан сүйлөшүүлөрдү баштоого аракеттенип, азыркы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун буйругу менен өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков башында турган жаңы комиссия түзүлгөн. Ал комиссия менен сүйлөшүүгө канадалыктар апрель айында келип, кыргыз тараптын сунуштарын алып кетишкен. Бирок ошол бойдон алардан эч кандай жооп болгон эмес. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элмира Ибраимова Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташуу комитетинин 4-июндагы жыйынында билдирди:

-Канада тарап сүйлөшүүлөргө келген. Анда алар кыргыз тараптын позициясын жакшыртууга макулдугун берген. Бирок Бишкектен кеткенден кийин алардан эч кандай ишаара болбой калды.

Бул тууралуу билдирген Ибраимова, канадалыктар менен сүйлөшүү үчүн түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, “Кыргызалтындын” директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеевге ошол эле замат сөз берүүнү комитет төрагасынан өтүндү. Елисеев өз сөзүндө кыргыз тарап үчүн 2007-жыл 30-августагы келишим кайсы жагынан ыңгайсыз экенин айтуу менен жалпысынан эле Кумтөргө байланыштуу келишимдер коррупциялашканын чабуулчул мүнөздө комитетте жарыялады:

-Сиздер айтып жатасыздар, Атамбаевдин келишими күчүн жоготсо, анда 2003-2004-жылдагы келишим күчүнө кирди деп. Бирок андай эмес. Ал келишимдин эч кандай күчү жок. Ал ички мамлекеттик процедуралардан өткөн эмес. Парламенттин ратификациялоого тыюу салганына карабай ал келишимди легитимдештирүүгө аракеттенген ал кездеги юстиция министрлеринин коррупциялык билдирлөрүүнүн да күчү жок. Бул факты боюнча финансы полициясы кылмыш ишин козгогон. Тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат. Анын натыйжасында тийиштүү адамдарга айып коюлууга тийиш. Биз канадалыктарды кууп чыкпаганга ыраазы болуш керек. Эгерде сүйлөшүүлөрдө натыйжа чыкпаса, анда эл аралык арбитраждык сотко биз беришибиз керек.

Алексей Елисеевдин айтымында, Атамбаевдин келишимин ратификациялоо 2003-жылдагы Танаевдин коррупциялык келишимин легитимдештирүүгө алып келет, ошондуктан комиссия ага каршы. Елисеев ошондой эле убада кылынгандай Кыргызстандын “Центерра голд инктеги” үлүшү 31% эмес, 29% гана жеткирилерин, бул дагы көз боемучулук экенин, кыргыз тараптын компаниянын директорлор кеңешиндеги өкүлүн көбөйтүү аракети да жоопсуз калганын кошумчалады.

“Кыргызалтындын” директорлор кеңешинин башчысынын мындай маанайдагы сөзүнө карабай, Жогорку Кеңештин комитетинин кабыл алган чечими жумшак болду. Анын мазмунун комитет төрагасы Эрик Арсалиев айтып берди:

-Биздин өкмөт сүйлөшүүгө кайрадан киришиш керек. Биздин тапшырма ушундай болду.

Кыргызстан менен Канаданын “Камеко” корпорациясынын Кумтөр алтын кенин биргелешип иштетүү боюнча келишимдерине токтоло турган болсок, алгачкы келишим 1992-жылы түзүлүп, анда биргелешкен ишканадагы Кыргызстандын акциясы 67% болгон. Бирок адистер белгилегендей, ал келишимде биргелешкен ишкана тапкан киреше бөлүнөт деп жазылган. Биргелешкен ишкана болсо ушул кезге чейин чыгашалуу болуп келатат. Муну Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабеков белгилеп келет.



Кумтөрдү иштеткенден бери канадалыктар 200 тонна алтын казып алышкан. Аны 2 миллиард 400 миллион долларга сатышкан. Кыргызстан болсо ири акционер катары болгону 10 миллион доллар дивиденд алган.

Талдоочулардын пикиринде, 2003-жылдын 31-декабрындагы жаңы келишим Кыргызстандын шартын ого бетер начарлаткан. Эгерде ал келишимге чейин Кумтөрдө Кыргызстандын акциясы 67% болуп келсе, 2003-жылы 31-декабрдагы келишимге ылайык түзүлгөн “Центерра голд инктеги” Кыргызстандын үлүшү 32.66% болуп калган. Анын 18% кыргыз тарап 2004-жылы сатып жиберген.

Туура, “Центерра голд инктин” курамына Монголия жана АКШдагы алтын кендери киргизилген. Бирок алардагы кендерде алтын кору Кумтөргө салыштырмалуу өтө аз. Бул абалды өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөр 2007-жылдын башынан бери жүрүп келатат. Акыркы мезгилде Кыргызстан бир жагынан канадалыктар менен соттошууга багыт алса, экинчи жагынан сүйлөшүүнү улантууга жолду ачык коюуда.

Кыргыз тарап ээлеген мына ушул позиция жана башка маселелерге байланыштуу “Азаттык” үналгысы Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеевге бир катар суроолор менен кайрылды:

“Азаттык”: -Канадалыктар Кыргызстандын жаңы сунуштарына жооп бербей коюптур. Бул 2007-жылкы келишимден артык бере албайбыз деген сөз. Бирок өкмөт сүйлөшүүгө чакырып жатат. Анын келечеги барбы?

Орозбек Дүйшеев: -Бул сүйлөшүүнүн келечегине мен ишенбеймин. Анткен себеби канадалыктар менен биз сүйлөшкөндө алар менен жанагындай жыйынтыкка келгенге чейин канчалаган уруш-талаштар болгон. Алар үч жолу кетип калганда, үч жолу чакырып сүйлөшкөнбүз. Ошондуктан өткөн жылдагы келишим биздин оюбузча, адистердин ою боюнча, Кумтөрдүн азыркы абалына карай Кыргызстан үчүн эң пайдалуу.



“Азаттык”: -Сиз 2007-жылдагы келишимди жактаган кишисиз. Бирок ал келишим 2003-жылдагы коррупциялык келишимди легитимдештирет, Кыргызстандын үлүшү мурда айтылгандай 31% эмес, 29% гана жеткирилет, себеби келишим ратификациялангандан кийин канадалыктар өздөрүнө “Центерра голд инк” компаниясынын 10 миллион даана акциясын эмиссиялайт экен деген айыптоолорго кандай жооп бересиз?

Орозбек Дүйшеев: -Эмиссия кылуу “Центерранын” өзүнүн иши да. Эгерде “камеколуктар” көптөгөн ишти аткарып туруп, эмиссия чыгаруу мүмкүн. Аны далилдеш жагы да бар. Анан кийин бир санды көрүп алып эле оюна келгенди айта бериш туура эмес. Мына бизде азыр, биз келишим түзгөн кезде 220 миллион акция болчу. Анын 66 миллиону бизге тийип жаткан. Биздин акциябыздын баасы 1 миллиард 200 миллион, 1 миллиард 300 миллион доллар боло турган эле. Бул биз үчүн пайдабы, зыянбы? Биз мына ушундай интригалардын негизинде эн кеминде 200-300 миллион доллар жоготуп жатабыз.

“Азаттык”: -Орозбек мырза, кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” соттошууга барса, Кыргызстандын жеңе турган жөнү барбы?

Орозбек Дүйшеев: -Эми мен бул боюнча адис эмесмин, юрист эмесмин. Бирок логикага карата биздин утуп чыгышыбыз мүмкүн эмес. Анткен себеби эмнеде? Кимдер кол койгон? Ошол кездеги премьер-министрлер кол койгон. Эгерде мыйзамды бузган болсо канадалыктар буздубу? Алар эмне бизди башкаруучу беле? Биздин жетекчилер бузду. Демек соттор логикалык жактан караганда минтип айтат, ой силердин жетекчиңер кол койгон. “Силердин мыйзамыңар бузулса мына ошолор жооп берсин. Керек болсо шишкебек кылып жегиле” дейт. Башка эмнени айтат? Биз адистер ошону айтып жатабыз. Аны түшүнбөй жатышпайбы.

“Азаттык”: -Маегиңизге ырахмат.



Президенттин жакындары: баласы гезиттерди сотто жыгып, атасы президентти коргоочу болуп көтөрүлүп...

Өткөн жуманын башында президенттин жакындарына байланыштуу чуулгандуу эки окуя орун алды. Анын бири боюнча, президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин доо арызы менен көз карандысыз “Де-факто” жана “Алиби” гезиттери Биринчи май райондук соту тарабынан 1 миллион сомдон айып пулга жыгылды.

Экинчи боюнча, 3-июнда президент өз жардыгы менен бир тууган иниси Жаныш Бакиевди мамлекеттик күзөт кызматынын башчылыгына дайындады. Албетте, оппозициялык партиялар жана өкмөттүк эмес уюмдар соттун чечимин кескин айыпташып, соттор саясий буюртманы аткарганын билдиришти.

“Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюмунун башчысы Азиза Абдырасулованын айтымында, президенттин жакындары да Кыргызстан атуулдары катары сотко кайрылууга укуктуу. Бирок:

-Бир миллион сомдон айып пул коюп, өзүнүн аброюн сактоону эмес, гезиттерди жабууну көздөп жатканы байкалып турат. Эгерде президенттин үйбүлөсү өзүнүн таза экенин далилдеп туруп, сот чечип берген айып пулдан баш тартса, анда алардын аброюна аябай жакшы болмок. “Де-факто” жана “Алиби” гезиттери эркин гезиттер. Мен аларды таптакыр жаап салууга алып келе турган чечимдерге каршымын. Бул деген сөз эркиндигин чектөө.

Жогоруда айтылгандай, Жаныш Бакиев 3-июнда мамлекеттик күзөт кызматынын башчылыгына дайындалды. Президенттин мамлекеттик кеңешчиси Токон Мамытов Жаныш Бакиевди кызматтын жеке курамы менен тааныштырып жатып, аны бул кызматка дайындоодо кесипкөйлүгү эске алынганын белгилөө менен бир катар мамлекеттерде күзөт кызматын президенттер жакын туугандарына тапшырарын айта кетти. Оппозициялык күчтөр, албетте, бул дайындоону сынга алды. Укук коргоочу Азиза Абдырасулова бул дайындалышка мындай көз карашын билдирди:

-Президент деген - Кыргызстандын символдорунун бири. Президенттин коопсуздугу - биздин ар бирибиздин коопсуздугубуз. Президенттин коопсуздугун коргоо - Кыргызстандын атуулдарынын ар биринин милдети. Анан президенттин бир тууганы абдан жакшы коргоп берерине ишенбеймин. Ал бир тууган... Анда президент бир туугандарына гана ишенет турбайбы... Эгерде президент өзүнүн гана үйбүлөсүнө, өзүнүн гана жакындарына ишенип калса, бул деген Кыргызстандын коопсуздугуна терс таасирин тийгизе турган нерсе. Анда биз ар бирибиз өзүбүздүн коопсуздук үчүн кооптонууга туура келет. Демек биз милицияга, улуттук коопсуздук кызматына ишенбей калышыбыз керек. Эч кимге ишенбей калышыбыз керек. Эгерде президент эч кимге ишенбей, өзүнүн бир тууганына гана ишенип атса....



Турсунбай Бакир уулунун эскертүүсү

Мурунку акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 3-июнда маалымат жыйынын өткөрүп, анда күзүндө элдик толкундоолор болуш ыктымалдыгын, анын алдын алуу үчүн июль айына чейин оппозициялык партия, өкмөттүк эмес уюмдар менен тегерек үстөл жыйын уюштурууну президентке сунуштады. Президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев президент учурда экономиканы көтөрүүгө басып жасап жатканын айтып, оппозиция менен тегерек үстөлгө отуруу маселеси пландаштырылбаганын билдирди.

Кыргызстан коомчулугунда март ыңкылабынан кийин “күзүндө кырдаал курчуйт экен, күзүндө болбой калса, мына эми жаз келишими бирдемке болот” күтүүлөр өзүнчө адатка айланып баратат. А чындыгында күзүндө кырдаалдын курчушуна негиз барбы? Бул суроого “Акыйкат үчүн” кыймылдын мүчөсү Мирослав Ниязов мындай жообун берди:

-Ар бир нерсенин учуру болот. Толкундоолор башталышы үчүн да учур келиш керек. Психологиялык деңгээл ошого жетиш керек. Мисалы, азыр ошого баратат. Элдин абалы ооролоп, ошого жараша кыжыры келүүдө. Ошондуктан толкундоо күзүндө болсо-болбосо дагы, келерки жазында болот.

“Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев кырдаал курчушу мүмкүн деген божомолдорго карата өзүнүн пикирин айтты:

-Биринчиден курчушка негиз көп деле эмес. Экинчиден, оппозицияда биримдик жок. Болушу мүмкүн деп айтууга болот. Эгерде кайсы бир чоң маселени чечүүдө бийлик жактан катачылык кетсе, ошондо нааразычылык күчөйт. Алардын катарында электр энергиясы, жер маселесине байланыштуу нааразычылыктар. Азык-түлүктүн мындан ары да кымбатташы мүмкүн экендигин эске алсак, эл арасында нааразылык күчөшү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG