Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:50

10:12 Бакыт Бешимов: “Иштин көзүн билген адамдарды жетекчиликке алышпайт”


Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги Социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимовдун пикиринде, өлкөдө кадр саясаты бир топ аксап турат. Анын айтымында, бийлик мактоону гана жактырып, кошоматчыларга таянып иш алып баргандыктан иштин көзүн таап, өз алдынча пикир айта ала турган адамдар жогорку кызматтарга алынбайт. “Өкмөттө, бийликте, экономикада жалпы кадрлардын ишке алынышы бир гана белгинин негизинде жүрүүдө: алар канчалык деңгээлде жетекчилерине жакын. Кээ бир министрлердин сүйлөгөн сөзүн, жасаган ишин көрүп таң каласың”, деди “Азаттыкка” Б.Бешимов. Саясатчынын баамында таланттуу адамдарды таап иштеткен бийлик мамлекетти көтөрө алат. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG