Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Кийинки кездери кадр таңкыстыгы, ишкөй азаматтардын аздыгы тууралуу арбын кеп боло баштады. Эмгекке жарамдуу калктын кыйласы чет жерге иш издеп кеткен Кыргызстанда саны жагынан барандуу жогорку окуу жайлары, ал аз келсе чет өлкөлөрдөн билим алып келген жаштар толтура. “Бетме-бет” талкуусунда билимдүүсү көп, ишке жарамдуусу --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A9F0E460-4387-4C29-8595-B59942A26EDD.asp аз өлкөнүн орчун проблемасы жайында кеп болуп, Жогорку Кенештин депутаты, Социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов (телефон аркылуу) жана “Таза коом” партиясынын теңтөрагасы, саясат таануучу Табылды Акеров (студияда) катышты. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду.

Бекташ Шамшиев: -Бакыт мырза, кадр жетишпестиги, өлкөнүн кадрга чукактыгы тууралуу көп сөз болууда. Өлкөдө толгон-токой жогорку окуу жайлары жаштарды билимдүү кылып даярдап чыгып жатса эмне үчүн кадрлар жетишпей жатат?

Бакыт Бешимов: -Саны жагынан айтсак, көп эле. Бирок сапат жагына келсек, экономика, мамлекетти башкаруу сындуу өтө татаал, анан да өзгөчө билимдүү адистерди талап кылган тармактарда алар жетишпей жатканы деле чындык. Анын бир топ себептери бар. Биринчиден, мамлекеттик башкаруу системасы ошондой кесипкөй таланттууларды азыр талап кылбай жатат.

Мына көрүп турасыздар, азыр кадрлар бир талап боюнча гана - өзүнүн жетекчисине жакынбы-жакын эмеспи, тууганчылык, жердешчилик жагы кандай – мына ушуга карап тандалып жатат. Экинчи жагынан ошол кесипкөй адам алчу маяна аз. Ошондуктан ал жакка барышпайт. Өтө мыкты кадрлар азыр бизнесте же эларалык уюмдарда, болбосо Кыргызстандын сыртында иштеп жатат.

Үчүнчү себеби перспективасына карата. Бул жагынан да бир топ маселелер турат. Мисалы, өкмөт алмаштыбы, болду, ал жерде иштеген көп кадрлар алмашылат. Ошондон өзүн сыйлаган билими жетиштүү, даражасы бийик адамдар ал жерге барбайт.



Бекташ Шамшиев: -Табылды мырза, кадр чукактыгы эмнеден чыгып жатат? Биздин Кыргызстанда кадр жетиштүү болушу керек эле. Толгон-токой жогорку окуу жайлары бар.

Табылды Акеров: -СССР учурунда ар бир адам окуганды, билим алып кат тааныганды үйрөнүп чыгуу системасы бар болчу. Эл агартуудагы бул программа өзүн-өзү актаган. Бирок ошол эле маалда капиталисттик дүйнөдө базар мамилесине ылайыкталган билим берүү системасы жайылган. Ошондуктан азыр Кыргызстандын экономикасын социалисттик билим алган кадрлар алып кете албай жатышат. Себеби Батыш өлкөлөрүнө салыштырганда алардын бул жаатта алган билими төмөн.

Ал эми Батыштан окуп келген балдардын бул жерде көп калбай жатышынын себеби деле жөнөкөй. Анткени алар кимдин ким экенин көрүп жатат. Министрлердин сүйлөгөн сөзүн, президенттин сүйлөгөн сөзүн угуп жатышат. Алар базар экономикасына туура келбеген эле нерселерди сүйлөп жатышат.

Элди убактылуу кармоо, алдоо сөзү болуп жатканын түшүнгөн соң аларды бул жерде кармап туруу кыйын. Бирок да жаш адистерди жеке менчик ишканалар алышы мүмкүн. Алардын идеяларын, ойлорун пайдаланып, ишкана кызыкдарлыгын билдириши мүмкүн.

Ал эми мамлекеттик кызматта алардын идея, пикирлеринин ишке ашусу кыйын. Себеп дегенде, алар референт же эксперт болуп барышат. Жетекчиси – министрдин тууганы, президенттин жакыны, куда-сөөгү, болбосо башка жакын адамдары болушат дагы алар эч качан жаш адистин айтканын кабыл алышпайт.

Ошондон алардын көбү кайра эле Батыш өлкөлөрүнө кеткиси келишет, өздөрүнө жетерлик маяна алып иштегиси келишет. Мына мен көп эле Батыш өлкөлөрүндө болдум. Ал жердеги биздин адистер кайрылып келгиси келишет. Бирок да алардын билими бул жерде кабыл алынабы? Мен айтар элем, 90% кабыл алынбайт. Мына 16-18 жылдан бери кайсы министрди же башкармалык жетекчисин Батыштан окуп келген адистен койдук? Бирөө да жок.



Бекташ Шамшиев: -Бакыт мырза, өзүңүз деле сөз оңутунан байкап калгандырсыз, Батыш менен советтик билим ортосундагы ажырым тyуралуу кеп болуп жатат. Эмнеликтен Батыштан билим алып келген адистердин көбү көтөрүлбөй, кызматка коюлбай жатат? Мунун себеби эмнеде?

Бакыт Бешимов: -Буга бир топ себептер тоскоол болууда. Биринчиден, бизде чарба түзүлүшүн, экономиканы карап көрсөңүздөр. Азыркы учурда биз артта калган агрардык өлкөбүз. Анан майда товардык экономика. Бизде бир ири бизнес же келечектүү технология, биотехнология, жогорку технологиядагы эч нерсе жок. Ошондуктан Батыштан терең билим алып келген адис кайсы тармакта иштейт? Майда товардык чарбада аларга орун жок.

Андан тышкары Батышта өнүккөн экономикасы, чарбасы турса, албетте, алардын материалдык кызыкчылыктары да таптакыр башкача. Мисалы, биздин экономикага келип иштесе, айталы, ошол эле өкмөткө же башка түзүмгө келип иштегендеги ала турган айлыгы 200-300 доллардын тегерегиндеги айлык болуп жатпайбы. Батышта мыкты билим алган адам мындай айлыкка эч качан иштебейт.

Үчүнчүдөн, биздин кээ бир мекендештер патриоттук сезим менен иштөө керектигин айтышат. Анткен менен патриоттук сезим менен эле экономика көтөрүлбөйт. Ал жерде акылдуу, рационалдуу мамиле керек. Иштей турган адамды ошол жакка тартыш керек.

Анан дагы бир нерсени бул жерде белгилей кетейин, өкмөттө, бийликте, экономикада жалпы кадрлардын ишке алынышы бир гана белгинин негизинде жүрүүдө. Алар канчалык деңгээлде жетекчилерине жакын. Иш көзүн билген, өз алдынча пикир айтчу адамдарды ал жерлерге алышпайт.

Кээ бир министрлердин сүйлөгөн сөзүн, жасаган ишин көрүп таң каласың. Өзүн сыйлаган, өсөйүн деген мамлекеттик бийлик андай адамдарды албаш керек. Андай адамдардын бийликте жүргөнүн деле түшүнүп жатам. Өзүнө тууган же жердеш, болбосо жакын адам. Бийлик мактоону гана сүйөт, кошоматчыларга таянып иштейт. Андай болбош керек. Таланттуу адамдарды таап иштеткен бийлик мамлекетти көтөрө алат. А.Акаевдин учурунда эмне болду? Азыр эмне болду? Бизде андай шарттар жок.



Бекташ Шамшиев: -Кадрлардын жоктугунан, көбү иш издеп четке кетип калгандыгынан айыл чарбасында кыйын жагдай түзүлгөнүн өкмөттүн өзү айтып олурат. Табылды мырза, мындай кысталыш жагдайдан чыгуунун кандай жолу бар?

Табылды Акеров: -Бул үчүн, албетте, ички резервди колдонуш керек. Тууган-урукка карабай, иш көзүн билген, иштей ала турган адамдарды кызмaтка коюш керек. Мындай адамдар бар. Мына жаштар арасында базар-нарк мамилелерин түшүнгөн ошондой ой жүгүрткөн адистер бар. Мисалы, А.Келдибековду Соцфондго жетекчиликке койгондо анын абалы кандай эле? Азыр болсо аны башка кызматка жылдырышкан жок. Ишти мыкты билген адамдарды бизде кызматка койбой жатышпайбы.

Мен мына А.Келдибековду айттым. Экинчиси жашы улуу болгону менен жаңы заман талабына ылайык иштей алган А.Муралиев. Бизде көбүнесе саясий жагына көңүл бурушат. Мына Э.Байсаловдун тагдырын алып көрүңүз. Бул биздеги Америка университетинин, кыргыз-орус (славян) университетинин деңгээли кандайлыгын көрсөтүп турат. Мына ушул эки университет даярдаган кадрлардын көбүн өздөрүнө атаандаш кылбаш үчүн жооптуу ишке жакындатпай турушат.

Айыл чарбасын оңдош үчүн ошол эле ички резервдеги балдарды караш керек. Себеп дегенде Батыштан окуп келгендерди бул жакка тартуу өтөле кыйын. Айыл чарбасын оңдош үчүн ага рынок механизмдерин киргизиши керек. Мен Азия мамлекеттеринин тажрыйбасын караштырып көрдүм. Айыл чарбага рынок механизмдери кирбесе жагдай ушул бойдон эле кала берет.

Бекташ Шамшиев: -Бакыт мырза сиз сөз кошоюн деп жатат окшойсуз. Ушул эле суроо.

Бакыт Бешимов: -Айыл чарбасын рыноктук багытка буруштун эч кажети жок. Ал рыноктук эле багытта иштеп жатат. Дыйкан-фермерлер өздөрү эле түшүнүп, өз чарбаларын иштетип жатат. Ага министрлик бир жакка багытташ керек деген туyра эмес. Айыл чарба андайга муктаж эмес. Бир гана нерсе - мамлекет тарабынан буларга жакшы кредиттерди берип, кредиттик союздарды колдоп, эгер алар товарын сыртка чыгара турган болсо аларга көмөк көрсөтүш абзел. Бул биринчиси. Экинчиден, айыл чарбасы менен бир дагы өлкө алдыга өнүккөн эмес. Бизде майда товардык чарба түзүлүп калган.

Экономикада азырынча орчундуу эч нерсе жок. Анан Батышта окуган студенттер деп аларды идеалдаштырыштын эч кандай кажети жок. Батышта деле Баткен университетинин деңгээлиндеги университеттер толтура. Ал жерде мыкты университеттерде окуган, мыкты компанияларда ишетегендер бар. Булар өзүнчө. Экинчиден, ал жерде эптеп күн өткөрүп жүргөндөр деле көп. Анан ошолорду алып келип иштетейин десеңиз иштей албайт.

Биздин окуу жайларыбызда окуунун сапатын көтөрө турган программа болуш керек. Анан жалаң Батыш дегенге да түшүнүү менен мамиле кылыш керек. Мен Батыш адистери менен иштешип көргөн адаммын. Аларда деле коррупционерлер бар. Баарын акыл менен жайкап, жалаң гана өзүнө иштегендер кезигет. Ошон үчүн алардын руханий, адеп-ахлак жагына да көңүл буруш абзел.

Бизге азыр жаңы күч керек болуп турат. Эски-ускуларды эле айта берсек, эгер бардыгы мыкты болсо эмне үчүн биз ушундай абалга жеттик деген суроо туулат. Аны бир эле А.Акаев жасаган жок. Жаңы күч дегенде мен эмнени түшүнөм? Кайсы жерде окубасын руханий дүйнөсү бай, патриоттук сезими өскүлөң, ишти жөндөп кете алар, иштөөнү билген адистердин жаңы толкуну келиш керек. Ошондо жаңылык башталат.

Мына 18 жыл ичинде келген саясатчылар мууну өлкөнүн экономикалык моделин иштеп чыга алган жок. Мына ушул жагдай биздин интеллектуалдык деңгээлибизди көрсөтүп турат. Бизде кандай коом курулуп жатат? Бийликте отурган адамдар байыш керек. Улуттук байлыкты алар өздөрүнө бурушу керек. Калгандары эптеп-септеп күн көрүш керек.

Бекташ Шамшиев: -Ушуну менен кебибизди жыйынтыктасак. Бакыт мырза, Табылды мырза, сиздерге ырахмат.
XS
SM
MD
LG