Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:07

15:13 Жалалабат облусунда балдардын жайкы эс алуусу баштала элек


Облуста өспүрүмдөр үчүн сегиз эс алуу жайы бар. Аларда бир эле учурда 1200-1300 бала дем алып, ден-соолуктарын чындай алат. Бирок, каражаттын жоктугунан бул эс алуу жайлары азырынча иш баштай элек. Ага өкмөт тарабынан каражаттын бөлүнбөй атканы себеп болууда. Бул маалыматты облустук-аймактык профсоюздар кеңешинин төрагасы Уламсабыр Акматов “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында жетим балдардын эс алуусуна бөлүнгөн 6 миллион сом профсоюздар федерациясына түшө элек. Ошондой эле эмгекчилердин балдарынын эс алуусуна да каражат бөлүнө элек. Былтыр Жалалабат облусундагы балдардын дем алуусун уюштурууга өкмөттөн 700 миң сом берилген. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG