Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

15:58 Т.Сариев: “Ак шумкар” партиясы демократиялык ички принциптерин бекемдөөгө аракет кылат


Партиянын лидерлеринин бири Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, бул маселе партиянын 21-июнда өтө турган курултайында талкууланып, устав менен программасына өзгөртүүлөр киргизилет. Партия жетекчилигинин статусу бекемделип, башкаруу күчөтүлөт. Партиянын башкы башкаруу органы болгон курултайдан кийин Жогорку кеңеш, андан кийин саясий кеңеш түзүлүп, баштапкы уюмдардын иши жандандырылат. Курултайда андан тышкары өлкөнүн саясий-экономикалык абалына баа берилип, бул багытта партия жүргүзө турган программа такталат. “Ак шумкар” партиясы өткөн жылы Социал-демократиялык күчтөр партиясынын негизинде түзүлүп, Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясы менен бирге катышкан. (BD)

XS
SM
MD
LG