Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Кыргызстанда кылмыштуу топторго байланыштуу чуулгандуу чатактар байма-бай чыгып келет. Ал топтордун лидерлери көмүскө төбөлдүктөн расмий бийликке умтулган учурлары жакында эле орун алган. Азыркы учурда өлкөдө канча криминалдык топ --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/E7EF454C-4DFF-4574-98FC-4C291005B3A5.asp бар жана алардын кайсы бири күчтүү?

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш боюнча башкармалыгынын башчысы Бакыт Парманкуловдун маалыматы боюнча, азыркы кезде Кыргызстанда 8 уюшкан кылмыштуу топ бар. Алардын ичинен Камчы Көлбаевдин тобу эң ири жана күчтүү деп эсептелет. 8 уюшкан кылмыш топтун курамында 239 киши бар. Алардын ичинен жүздөн көбү Көлбаевдин тобуна таандыктар.

Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыш топторуна каршы тынымсыз күрөш жүргүзүп келатат. Натыйжада андай топтордун саны 2007-жылы 12 болсо, быйылкы карай сегизи калууда. Төрт кылмыш топ таркатылып, жоюлуп кеткен. Кылмыштуу топтор жасаган кылмыш жана жалпы абал тууралуу Парманкулов буларга токтолду:

-2002-жылдан 2007-жылга чейин кылмыштуу топтордун тиешеси бар 58 кылмыш жасалган. Анын ичинде 18 буйрутма киши өлтүрүү, калган кыркы криминалдык топтордун согушу. Бул кылмыштардын ичинен 36 кылмыштын бети ачылган. 2008-жылы эле 20 кылмыштын бети ачылды. Азыркы кезде 22 кылмыш ачылбай турат. Алардын ичинен 9 ачылышына өбөлгө бар. Быйылкы жылы бир да буйрутма киши өлтүрүү боло элек. Өткөн жылдын беш айында эле андай беш окуя болгон эле.

Кыргыз милиционерлеринин айтымында, Кыргызстанда атактуу кылмыш төбөлдөрү болгон менен, эч качан алар кожоюндук кыла алган эмес.

Парманкуловдун айтымында, журналист Алишер Саиповдун атып өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишти тергөөнү Ош облусунда ички иштер министринин орунбасары Жеңиш Жакыпов көзөмөлдөп турат. Ал иш боюнча жылыштар бар.

Кылмыш дүйнөсүнө байланыштуу Кыргызстанда таңданууну жана күдүктөнүүнү жараткан окуя май айында болду. Ал окуя Кыргызстандагы эң күчтүү кылмыш тобунун башчысы Камчы Көлбаевдин Нарын жайлоосунда Орусиядан конокторду күтүүсүнө байланыштуу болгону маалым. Нарындын губернатору Өмүрбек Суваналиев Көлбаевди коноктору менен облустан чыгып кетүүгө мажбур кылган. Бул окуяга байланыштуу суроого Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын башчысы полковник Бакыт Парманкулов мындай жообун берди:

-Алар 20-майда Кыргызстанга учуп келиши менен биз кармап, Манас аба майданында эле профилактикалык иштерди жүргүздүк. Орусияга алардын кимдигин тактоо үчүн маалымат сурап кайрылдык. Москвадан келген маалыматта алар ишкер экени айтылган. Ал эми Нарын губернаторунун аракети болсо абдан орундуу болгон. Баары ошондой болсо кана?

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү натыйжалуу деңгээлге жеткирүү үчүн жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Аны кабыл алуу биздин кызыкчылыкта, деп кошумчалады уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын жетекчилиги.

Уюшкан кылмыштуу топтордун адвокаттары ашыгы менен жетиштүү. Алардын мүчөлөрүн кандайдыр бир кармоолор уюштурулган болсо, ал жерге алардын адвокаттары толуп келет жана баары мыйзам чегинде болушуна көз салышат. “Биз да алар менен мыйзам чегинде күрөш жүргүзүп жатабыз. Жаңы мыйзам кабыл алынса, көп өзгөрүүлөр болот эле”, деп эсептейт милиция кызматкерлери.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG