Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

Президент Курманбек Бакиев баштаган кыргыз делегациясы Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык экономикалык форумга жана КМШ өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышып келди. 7-июнь күнү мамлекет башчы Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын өнүгүп жаткандыгы тууралуу пикир алышкан. Айрым саясатчылар КМШ өлкөлөрүнүн --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2007/08/2EBFC814-A944-4600-828F-40A75EC36A8D.asp биригебиз деген демилгеси куру сөз, ал эми жетекчилердин жолугушуулары көнүмүш гана иш-чара, деп айтышып, КМШга мүчө мамлекеттер өз арбайын гана жакшылап согууга аракет кылып жатышкандыгын айтышат.

Кандай гана жолугушуулар, формалдуу, бейформал саммиттер өткөрүлбөсүн, КМШ институту өзүнүн таасирдүүлүгүн жоготту, дешет айрым саясатчылар. Алардын айтуусунда КМШ түзүлгөн күндөн тарта эле анын уставдарында мүчүлүштүктөр кеткен, шериктештик алкагында түзүлгөн көптөгөн долбоор, келишимдер ага мүчө өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан колдоо таппай калган учурлар көп. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде Кыргызстан КМШнын үзүрүн көрө элек:

-Экономикалык форум болуп эсептелгени менен КМШ өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн эч кандай пайдасы жок болуп атпайбы. Мурдагы президент Акаев деле “Орусия инвестиция берет” деп ишендирип, “Росатом” жардам берет деген. Мына Кириенко келди, Газпром келип атат, азыркы күнгө чейин деле жарытылуу инвестиция келген жери жок, натыйжа жок. Бул жалаң эле орус-кыргыз мамилеси эмес, негизи эле КМШнын өзүнүн таасирдүү уюм болбой жаткандыгынан болуп жатат.

Орозбек Молдалиев Санкт-Петербургда өткөн экономикалык форум деле КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына жакшы таасир этүүчү натыйжаларды бербейт, деп эсептейт.

Мамлекет башчы баштаган Кыргызстандык делегация экономикалык форумга гана катышпастан, Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Орусия президенти менен жолугушуп, кыргыз-орус мамилелери тууралуу сүйлөшүшкөн. Президенттик маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча жолугушуу учурунда кыргыз өкмөтү менен Орусиянын ортосунда ар тараптуу кызматташуу өнүгүп жаткандыгына, анын ичинде мурда талкууланып жүргөн долбоорлорду ишке ашырууга жакшы негиздер түзүлүп калгандыгына жогору баа берилген:

-Мындан тышкары эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 50 пайызга өскөндүгү белгиленген. Кыргызстан жарандарынын Орусияда, орус жарандарынын Кыргызстанда жүрүүсү тууралуу да сөз болду.

Айрым саясатчылар КМШ институтунун алкагында Орусия өзүн лидер көрсөтүүнү каалайт, деп белгилешет. Ошол эле учурда Орусия КМШ өлкөлөрүнүн ичинде кадыр-баркка ээ болуу аракетин жасабайт, дешет алар.

“Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев КМШ өлкөлөрүнүн айрым жетекчилери Евразия бирикмесин түзүү, Орусия менен Беларусиянын союзун жандандыруу тууралуу демилгелерди көтөргөнү – жөн гана популизм, деген пикирде. Анын айтуусунда бул мамлекеттердин багыты, түзүлүшү жана башкаруу системалары бири-бирине дал келбейт:

-Мындай көз караштары түрдүү мамлекеттер эч качан бириге албайт. Эл аралык мамиледе да өзгөчө Орусия өзүн көрсөткүч кылып, Дмитрий Медведев айтып атпайбы: Орусия сунуш кылат, табигый-экономикалык ресурстарын бүт ачабыз, андан кийин орус рубли аймактык бир валютага айланса, деген амбициясын билдирди. Бирок ал бүт дүйнөгө мындай демилгени жарыялардан мурун, КМШ мамлекеттеринин арасында чегараларды ачып, экономикалык мамилени оңдоп, өзгөчө Кыргызстан сыяктуу алсыз өлкөлөрдүн мигранттарынын абалына көңүл бөлүп, бизге келип аткан көп нерселерди тоскоолсуз өткөрүү маселелерин чечпей эле дүңгүрөтүп атпайбы..

Шериктештик мамлекет башчыларынын жолугушуулары кургак, айтылган сөздөр, түзүлгөн келишимдер ишке ашпай кала берген көнүмүш гана иш-чарага айланып калгандыгы да айтылууда. “Акыйкаттык” саясий партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаев өзбектер газын дүйнөлүк баага чыгарып, казактар буудайын чыгарбай жаткан учурда, мындай жолугушуулар эл үчүн пайда берген жери жок, дейт:

-Эң негизгиси – ушул жасап жаткан иш-аракеттердин баары мамлекет үчүн, эл үчүн кандай конкреттүү натыйжа алып келет, мына ушунда жатат да. Бүгүнкү күндөгү иш-аракеттер, жүрүп жаткан жолугушуулар элдин жашоосун оңдоого жетишпей аткансып сезилет.

Кабарларда айтылгандай КМШ өлкө башчыларынын эмки саммити Бишкекте өтөт.
Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Санкт-Петербургда өткөн бейрасмий саммит учурунда билдирди. 26-сентябрга белгиленген саммиттин жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусун бекемдөө, экономикалык өнүгүү, энергетикалык тармакты өнүктүрүү маселелери каралып, бир катар келишимдерге кол коюлат. Күзгү саммит Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG