Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:17

8:10 Орусия президенти Дмитрий Медведев Кыргызстанга расмий сапар менен келет


Бул тууралуу эки өлкө президенттеринин Санкт-Петербургдагы жолугушуусунда макулдашылганын орус президентинин расмий сайты кабарлады. Сапар КМШ өлкө башчыларынын 26-сентябрга белгиленген Бишкек саммитинин алдында болмокчу. Ишембидеги жолугушууда орус президенти кыргыз бийлигинин өлкөдө орус тилин колдоо аракетине жогору баа берип, Орусия КМШдан келген эмгек мигранттарына каршы кылмыштарды токтотуу боюнча чечкиндүү жана катуу чара көрөөрүн билдирген. Жыл башынан бери эле Орусияда ондон ашуун кыргыз жараны киши колдуу ажал тапканы белгилүү.(SM)

XS
SM
MD
LG