Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

16:17 Укук коргоочулар жана аксылыктар алтын издөө иштерине каршы чыгышууда


“Кылым шамы” бейөкмөт уюму тараткан билдирүүгө ылайык, Аксы районундагы Карасуу айыл өкмөтүнүн аймагында алтын издөө ишине жергиликтүү тургундар макул эмес. Кенди изилдөөгө каршы чыккан тургундарга коркутуп-үркүтүү болуп жаткандыгын айылдын бир нече тургундары да билдиришкен. Уюмдан кабарлашкандай, Жалалабат областынын губернаторунун орун басары Жаныш Курбанов жана «Молоташ» фирмасынын өкүлү айыл өкмөттүн 15 тургуну менен жолугушуу өткөрүп, Аксы районундагы Кашка-Суу жайлоосундагы алтын кенине «Молоташ» фирмасынын «эгерде алтынды чалгындоо иштерин, каза турган техникаларды өткөрбөй турган болсоңор, 200 спецназ киргизебиз»- деп, эскертүү жасашканын, кээ бир айыл активисттерине кылмыш иш козголгондугун билдирген. Губернатордун орун басары Ж.Курбанов “Азаттыкка” Карасууга өндүрүштүк маселелер менен барып, айылдын 4-5 тургуну менен гана пикирлешкенин, алтынга байланыштуу сөз да болбогонун билдирди.(MSu)

XS
SM
MD
LG