Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

16:25 Токмок шаардык соту Максим Кулешовду өзү жокто соттоду


Токмок шаардык соту укук коргоочу, Адам укуктары боюнча Токмок ресурстук борборунун жетекчиси Максим Кулешовду анын өзү жокто эле соттоп, айыптаган чечимин чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу Максим Кулешов билдирет. Токмок шаардык соту айыпталуучунун өзү жокто ишти карап, М.Кулешовго 15-май күнү “Президенттин кетүүсүнө жардам беребиз” аттуу акцияны өткөрүү учурунда, “митинг-демонстрацияларды өткөрүү эрежесин бузган, милиция кызматкерлерине баш ийген эмес” деген айып таккан. “Мен муну соттун чечими келгенден кийин гана билдим. Муну мен бийликтин кысымы, коркутуп-үркүтүүсү катары баалайм”,- дейт М.Кулешов. (IJz)

XS
SM
MD
LG