Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИ ТАЛАПКА ЖООП БЕРБЕЙТ


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Кыргызстандын орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли тууралуу Борбор Азия университетинин ага илимий кызматкери, билим берүү илимдеринин доктору Дүйшөн Шаматов “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Дүйшөн мырза, жакында эл аралык эксперттер Кыргызстандын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү менен студенттер арасында сынак өткөрүп, жыйынтыгында кыргызстандыктар сынакка катышкан 57 мамлекеттин ичинен эң акыркы - 57 орунду ээлеп калды. Сиз Канаданын Торонто шаарында билим берүү боюнча илимдин докторлугун жактаган окумуштуу катары ушуга баа берсеңиз, эмне себептен Кыргызстандык бүтүрүүчүлөр ушундай баага туш келди?

-Бул сынакка өзүм түздөн-түз катышпасам да жеке ойлорум бар. Себеби акыркы убакта аябай кызыгуу менен мамиле жасап келгем. Бул негизинен былтыркы эмес, 2006-жылы жүргүзүлгөн сынак. Бирок жыйынтыгы бизге 2007-жылы келген дагы, андан кийин биздеги кыйла өкүнүчтүү нерселер, тополоңдор, “эмне үчүн биз акыркы орунду ээлеп калдык” деп нааразы болгондор ошондон кийин болуп атпайбы.

Кыскача ошол сынак жөнүндө маалымат берип кетейин. Бул сынак жалпы билим берүүчү мектептерде билим берүүнүн сапатын изилдеген сынак болуп эсептелет. Бул сынакты уюштурган, окуучулардын билимин баалоо боюнча эл аралык программа бар, ошол жүргүзгөн. Негизги катышуучулары бул 30 өтө өнүккөн мамлекеттер. Булар экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна кирген мамлекеттер болуп атат.

Бул сынакта 57 мамлекеттен 15 жаштагы 4 миң окуучу эки саат бою тест тапшырышкан. Бул сынак так илимдер предметтерден болгон: химия, биология, физика жана математика. Бул сынак 2000-жылы, 2003 жана 2006-жылдары жүргүзүлгөн. Кийинки сынактар болсо 2009, 2012, жана 2015-жылдары болот.

-Эмне себептен акыркы орунду ээлеп калды деген ойдосуз?

-Биздин окуучулардын акыркы орунду ээлеп калганы бул табигый көрүнүш болсо керек деп ойлойм. Муну моюнга алыш керек. Себеби бир аз оройрок болсо дагы кыргызда сөз бар, “казанда болсо чөмүчкө чыгат” деген. Мен казанда эч нерсе жок деп айтыштан алысмын. Бирок ошентсе дагы биздеги билим берүүбүздүн сапаты өтө начар болгондуктан, бул негизги себеп.

Экинчи себеп, сынакка катышкан 30 мамлекеттерди карап көрсөк дээрлик көпчүлүгү өтө өнүккөн мамлекет. Калган 27 мамлекет болсо бул Чыгыш Европа мамлекеттери, мунайга бай, өнүгүп келаткан мамлекеттер. Кошуна мамлекеттерден эч ким деле жок. Ошолор менен биз сынакка катышып алып, акыркы орунду ээлеп калдык. Башка кошуна мамлекеттер болгондо алдыга чыгат элек дегенден алысмын.

-Анткен менен Кыргызстандагы бир топ орто мектептердин окуучулары эл аралык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды ээлеп жүрүшөт. Анан бул эл аралык тесттин жыйынтыгы анын баарын жууп салгандай болду да. Мындай айырмачылыкка эмне себеп деген ойдосуз?

-Албетте бизде жакшы мектептер да бар. Өзгөчө бул тест, сынактар дагы көрсөттү, кээ бир мектептерибиз күчтүү экен. Бирок бул жеке мектептер. Алардын окуучулары химия, биология боюнча жакшы ийгиликтерге көптөн бери жетишип келет. Аны тана албайбыз.

Бул сынакта жалгыз эле жеке мектептер эмес, Кыргызстандын бардык мектептеринен чыккан окуучулардын жалпы билими кандай деген сынак болуп атат. Негизги проблемалардын бири - билим берүүнүн сапаты. Химия, биология, физика айылдык мектептерде өтө эле начар окутулуп келатпайбы азыр. Себеби мугалим кадрлардын жетишсиздиги, же материалдык-техникалык базанын өтө начардыгы, же болбосо бизде жөнөкөй гана лабораториянын жоктугу.

Ал эми өткөн жылкы сынакта эң негизги текшерилген нерселери - бул так илимдердин турмуш менен байланышы, же болбосо алардын технологияда колдонушу. Бир-эки мисалды айтып өтөйүн. Мисалы, балдарга “кислоталык жамгыр болсо кандай болот, ошону түшүндүрүп бер” деген суроолор болгон. Биздин көпчүлүк окуучулар окуп жаткан предметтерин турмуш менен байланыштырып айтуудан кыйналып калган.

-Демек окуучулардын эркин ой жүгүртүүсүнө дагы көп басым жасалган турбайбы?

-Албетте, эркин ой жүгүртүүсү, алардын ар кандай проблемаларды чечүүсү башкача көз караш менен карап, жөн эле китептеги нерсени жаттап албастан, өзүнүн ой жүгүртүүсүн эркин өнүктүрүүгө дагы көңүл бурулган. Бул сынактан биз жыйынтык чыгарып, сабак алсак болот. Ошол эле акыркы орунду ээлеп калдык деп ыйлап отурбастан, көп иштерди аракет кылып аткарышыбыз керек экенинен далилдеп турат. Өзгөчө мектептерди өнүктүрүшүбүз керек, инвестиция жасап, элет мектептерин да көтөрүшүбүз керек, лабораторияларды оңдошубуз керек.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG