Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

9-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1917-жылкы каатчылык айынан “2-3 ай бою нан жебеген кыргыздардын саны арбыган”. 1919-жылы Пишпектин уезддик-шаар бийлиги “чакырылбаган жексур конок” - азиялык холеранын жакындаганын кабарлады.

1917-жылдын бул күндөрү кыргыз калкы оор мезгилди башынан кечирип атты. 1916-жылкы көтөрүлүш кесепети жана 1917-жылкы каатчылыктан улам мал кырылып, көчмөн элдин жашоосу оордогон. Ачкачылык адегенде, шаар калкына жана кедей-кембагалдарга катуу тийген. Айрым архивдик материалдарга караганда каатчылык айынан “2-3 ай бою нан жебеген кыргыздардын саны арбыган”.

1919-жылы Пишпектин уезддик-шаар бийлиги “чакырылбаган жексур конок” - азиялык холеранын жакындаганын кабарлады. Холера коркунучун алдын алуу үчүн шаар калкына амбулаториялык эмдөөдөн өтүү зарылчылыгы белгиленген.

1935-жылы Советтер Союзунда чегара аркылуу качкандар үчүн өлүм жазасы киргизилген. Ал мыйзамдын кээ бири коңшулаш Кытайга “баймабай каттап турган” айрым кыргызстандыктарга да тийген болчу.

СССР суу алдындагы спорт Федерациясынын вице-президенти Сергей Капица, 1964-жылы Ысыккөл астынан кызыктуу археологиялык ачылыш жасалгандыгын кабарлаган. Анын билдирүүсүнө караганда “акваланчылар көлдүн түндүк жээгинен убагында Тимур курган чептин калдыгын тапкан”. Бул жерден карапа сыныктары, эски тыйындар, кооздолгон керамикалар чыккан. Алардын божомолуна ылайык шаар катуу жер титирөөдөн кыйрап, суу астында калган.

1969-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин президиуму «Карамолдо Орозов» атындагы мамлекеттик оркестринин дирижеру Асанкан Жумакматов менен Чечен-ингуш балеттик филармониясынын артисти Махмуд Эсембаевге республиканын эл артисти деген наам ыйгарган. Алар мындай наамга искусство чеберлеринин «Ала-Тоо жазы» фестивалына активдүү катышкандыгы үчүн татыган.

1775-жылдын бул күнү Мюнхен шаарында айтылуу немис филологу, байыркы перс клинопис жазууларынын окулушуна чыйыр салган Георг Фридрих Гротофенд жарык дүйнөгө келген. Ал 1802-жылы байыркы перс өкүмдарлары Дарий менен Ксеркстин тексттерин окуган жана аларды илимий изилдөө алкагына алган.

Бул күнү, 1661-жылы орус падышасы Федор Алексеевич, 1672-жылы атактуу орус мамлекеттик ишмери Петр I, 1781-жылы ойлоп тапкыч Жорж Стефенсон жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG