Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:50

Бүгүн 9-июнда түндө Швейцариянын Цюрих шаарындагы "Летцигрунд" стадионунда футбол боюнча Европа чемпионатынын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/06/19816D00-5D7D-4310-B8D3-B2855AFBFFFE.ASP “С” тобундагы Румыния-Франция өлкөлөрүнүн командалары беттешет. Ошондой эле бүгүн түнү Швейцариянын Берн шаарындагы "Стад-де-Суисс" стадионунда Голландия-Италиянын улуттук командалары мөрөй талашка чыгышат.

Футбол боюнча Европа чемпионаттын таймаштары улам курчуп, кызыктуу оюндар болуп жатышканын кыргызстандык күйөрмандар дагы айтып, кеп кылып жатышат. Учурда “А” тобунда Чехия менен Португалия бирден оюнду утуп, үчтөн упайга ээ болуп, кийинки беттешүүлөргө даярдык көрүүдө.

Ал эми «В» тобундагы атаандаштардан Австрияны өз талаасында Хорватия 1:0 эсебинде утуп, алар дагы үч упайлуу болушту. Германия менен Польша өлкөлөрүнүн командаларынын ортосундагы атаандашуу дагы курч өтүп, 2:0 эсебинде немистер утушка ээ болушкан.

Бүгүн 9-июнда Кыргызстанда түн ортосу болгондо Швейцариянын Цюрих шаарында Европа чемпионатынын “С” тобундагы Румыния-Франция өлкөлөрүнүн командалары беттешет.

Он жылдан бери Франциянын күйөрманы болуп сүрөөнгө алып келаткан “Дордой” футбол клубунун вице-президенти Улугбек Салымбеков франциялыктардын бул оюнда жеңип чыгаарына ишенгени менен быйыл Европа чемпиондугун португалиялыктардын жеңип алышы толук ыктымал экендигин “Азаттыкка” билдирди.

-Мен он жылдан бери Франциянын тандалма командасына күйөрман болуп келатам. Ошондуктан быйыл дагы француздарды сүрөөнгө алып жатам. Негизинен алдыда болуп өткөн оюндарга баам салсак, мага португалиялыктардын чеберчилиги, даярдыгы мыкты экени байкалды. Бул Европа чемпионатында Португалия баш байгени утуп алуусу толук ыктымал.

Ошондой эле бүгүн түнү Швейцариянын Берн шаарындагы "Стад-де-Суисс" стадионунда Голландия-Италиянын улуттук командалары мөрөй талашка чыгат.

Мында голландиялыктар өз күйөрмандарына жакшы оюн көрсөтүп, италиялыктарга каршы татыктуу оюн көрсөтөөрүнө кыргызстандык күйөрмандар дагы ишенип турушат. Кыргызстандын футзал ассоциациясынын вице-президенти Медет Букуев дагы голландиялыктар жакшы ойношуп, италиялыктарга туруштук берет деген пикирде:

-Чынында эле голландиялыктарга спорттук фортуна же ийгилик кайкып өтпөсө, жакшы учурларды колдон чыгарбай ойносо, италиялыктарды утуп алышаары ыктымал. Ал эми италиялыктар болсо бир ыңгайлуу учурду колдон чыгарбай, чеберчилигин көрсөтүү менен мыкты даярдыгын айгинелеп ойнойт болушу керек.

Ошентсе дагы Европа футбол чемпионатынын алгачкы таймашуусуна италиялык футболчулардын деңгээли, даярдыгы дурус экенин, бул өлкөдө футболго кары-жашы баары кызыгаарын “Заман-Кыргызстан” жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев айтып, бул топто италиялыктар алдыга чыгаарын билдирди.

-Италия өлкөсүндө илгертен бери футболго кызыгуу күч. Футбол чоң саясатка айланып, бүткүл италиялыктар футбол дүйнөсүнө арбалып калган. Чынында итаиялыктар таза, мыкты футбол көрсөт деп ишенип турам. Себеби алар быйыл Европа чемпиону болот деп тилеп турам.

Эми эртең 10-июнда Австриянын Инсбрук шаарында “Д” тобунда Испания менен Орусиянын тандалма командалары беттешет.

Ошондой эле Австриянын Зальцбург шаарында 2004-жылы Европа чемпиону болгон Грекия Швециянын футболчулары менен мөрөй талашат.

Кыргызстандын футзал ассоциациясынын вице-президенти Медет Букуевдин айтымында орусиялыктар менен испаниялыктардын ортосунда курч, кызыктуу таймашуу болот.

- Испаниянын командасы Европа чемпионатынын эң күчтүү командаларынын бири болуп эсептелинет. Орусиянын командасы да мына акыркы иргеп алуу таймаштарында ойногонуна караганда, алар өздөрүнүн тобунда биринчилерден болуп чыгышкан. Бирок Испаниянын командасы күчтүүрөк экен.

Учурда бул же тигил команда чемпион болот, жеңишке жетишет деп айтуу азырынча эртелик кылат. Себеби алдыда дагы таймашуулар, күч сынашуулар турат.

Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG