Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:03

13-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1758-жылы Цин кытай армиясы Турфандын чыгып, Кучага кол салган. 1860-жылдын бу күнү ысыккөлдүк бугулар курултай өткөрүшкөн. 1924-жылдын бу күнү Орто Азияны райондоштуруу боюнча комиссия уюшулду.

Цин кытай армиясы 1758-жылдын бу күнү Турфандын чыгып, Кучага кол салган. Ошентип, Кытай мамлекетинин Чыгыш Түркстандагы басып алуу саясаты башталган.

Цин бийлиги башынан тарта эле мындагы кожолор менен кыргыз урууларынын мамилесин тактоого аракет жасашкан. Алар кыргыздар менен кожолор арасындагы ар бир пикир келишпестикти өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет жасашкан.

Орус бийлиги Ормон хандын элин Россия империясынын курамына алыш үчүн болгон аракет жасагандыгы ачык байкалат. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта, кыргыз манабы Ормон Ниязбековго элчилик жасалыш зарылчылыгы белгиленет. Керектүү болгон жүк ташыш үчүн казактардан жылкы жана төө сурап Ормон ханды карай аттаныш керектиги көрсөтүлөт. Капыстан келген көчтө Ормон хан сестенбеши үчүн алдын ала кабар берип, кыргыз жергесине келээр замат мыкты боз үйлөрдү тигүү туурасында сөз кылынат. Рапортто көрсөтүлгөндөй Ормон ханга жашыл бархаттан тигилген чепкен жаап, ар бири беш жарым аршинден турган кездеме, күмүштөн жасалган ашкана идиштерин, алтын саат жана башка белектерди берүүгө көрсөтмө берилет. Майор Перемышльскийге жолдонгон кат Омск шаарындагы корпустук штаб-квартирага 1853-жылдын 13-июнунда келип түшкөн.

Ысыккөлдүк бугулар 1860-жылдын бу күнү Курултай өткөрүшкөн. Курултайда бугулардын чоң манаптык бийлик маселеси каралып, жогорку кызмат орду манаптардын шайлоосунда чечилген. Чоң манаптык бийликке Качибек Шералиндин талапкердиги туура табылып, ал шайлоодо жеңип чыккан. Качыбек баатырга жардамчылык кызматка Сарпек Саскин дайындалган.

Бугу манаптары Чоң манаптыкка өткөн шайлоо туурасында 1860-жылдын бу күнү Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфордго кат жолдошкон. Катта Качибек манапты чоң манаптыкка шайлангандыгы жана анын «укукту жогору баалаган артыкчылыгы жана улук өкүмдарга ак дилден өтөгөн кызматы» белгиленет. Бугу уруусу Качыбек манапка жардамчылыкка Сарпек Саскинди дайындашып, бардык уруу өкүлдөрү алардын амирине кирип, буйругун аткарууга сөз беришкен. Катка бугу манаптары кол коюшуп, аны жеке мөөрлөрү менен бекитишкен.

Орто Азияны райондоштуруу боюнча комиссия 1924-жылдын 13-июнунда уюшулган. Комиссияга жаңы мамлекеттик түзүлүштү орнотуу жана мындагы этникалык өзгөчөлүктү эске алып, өлкө аралык чекти белгилөө, кайсыл жер кимдин ээлигине өтө тургандыгын тактоо сыяктуу милдеттер жүктөлгөн. Комиссияга белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер жана Орто Азия тарыхын мыкты билген тарыхчы-адистер тартылышкан.

Кыргызстан Борбордук музейин ачуу машакаты 1926-жылдан башталып, ал үчүн атайын илимий комиссия уюшулган. Илим комиссиясынын демилгеси менен Ленинград шаарынан жаш окумуштуу С. М. Абрамзон чакырылып, натыйжасында музейди уюштуруу иши жанданган. Кыргыз областтык агартуу бөлүмүнүн 1926-жылдын 13-июнунда өткөрүлгөн кезектеги коллегиясында «Кыргызстандагы Борбордук музейдин» жобосу каралган. Жаңы долбоорго ылайык музей жетекчилигине Брауде бекитилген.

Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети менен Элдик комиссарлар Кеңеши 1928-жылдын 13-июнунда чегирткеге каршы күрөшүү үчүн милдеттүү эмгек мөөнөтүн киргизди. Бу убакта чегирткеден запкы тарткан аймактар деп, Фрунзе жана Нарын кантондору, ошондой эле борбордун чет жакасындагы чарбалар табылып, адамдар ал аймактагы зыянкечтерге каршы күрөшүүгө бөлүнгөн.

Бу күнү, 1909-жылы котормочу Сүйүнбек Бектурсунов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG