Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Кыргызстан калкын нан менен камсыз кылуу үчүн 500 миң ашуун гектир жерге буудай айдаш керек. Эгиндин түшүмдүүлүгү гектиринен 20 центнерден айланса өлкөнүн дан азыктарына керектөөсү толугу менен жабылмак. Бирок да майда дыйкан чарбаларынын өлкөнүн азык-түлүк керектөөсүн --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/7B625B96-DAF2-4B16-BE70-83EEB035C8D3.asp камсыздоого чама-чаркы жетишпейт. Айрым адистер жер шартын эсепке алып, дыйканчылыктын экологиялык маданиятын көтөрүүнү сунушташууда.

Быйыл Кыргызстан 400 миңден ашуун гектир жерге күздүк, жаздык буудай сепкени кабарланган эле. Бирок да эрте жаздагы үшүк Сарөзөн Чүйдүн кыйла жерин жараксызга чыгарып, анын натыйжасы дагыле барып-келип буудай баасынын кымбатташына, жетишпеген кызыл данды коңшулардан сатып алууга мажбур кылат окшоп калды.

Кыргызстандын айыл, суу чарба, кайра иштетүү министринин орунбасары Байымбет Мураталиевдин айтуусунда, өлкөнүн дан менен өзүн-өзү багып кетишке толук кудурети бар.

- Ошол миллион тоннаны өстүрүүгө бизде мүмкүнчүлүк бар. Айдоо аянттарын 500 миң, 600 миңге жеткирсек, мурда ошондой эле бар болчу. Анда биз жөн эле өзүбүздү өзүбүз эгин менен камсыз кыла алабыз.

Ушундай эле пикирин академик Жамин Акималиев да билдирди.

- Совет доорунда биз 2 миллионго жакын тонна эгин өндүргөнбүз. Атүгүл А.Акаев учурунда 2001-жылы биз 1 миллион тонна өндүрүп, биз нан боюнча өзүбүздү өзүбүз камсыз кылдык деп көз карандысыздыгыбызды жарыялаган болчубуз. Ал үчүн толук мүмкүнчүлүктөр бар.

Андай үлкөн милдетти азыркы майда дыйкан чарбаларынын жөндөп кетиши кыйын. Экономика илим кандидаты Жумабек Жаилов майда дыйкан чарбаларынын эмгек өндүрүмдүүлүгү аз, товардык продукциясы өзүнөн ашпайт, деген пикирде.

- Кооперация деп айтып атпайбызбы. Ошол кооперациянын негизинде биздин айыл чарбада орто жана ири чарбалар пайда болушу керек. Алардын натыйжалyулугу көбүрөөк болот. Чыгарган продукциясы да көбүрөөк болот. Наркы төмөнүрөөк болот. Наркы төмөн болгондон кийин баа да ошончо түшө баштайт.

Азык-түлүк проблемасын экологияга байланыштуу чечүү зарылдыгын ырастап, “Экомысль” коомдук бирикмеси быйыл жаңы экспериментти баштаганы турат. Эксперимент Ысыккөл районундагы Григорьев капчыгайынын жанынан 300 гектир жерге экологиялык таза жашылча-жемишти өстүрүүгө арналган. Эмнеликтен бул экологиялык таза продукт чыгаруу аракетине киришип жатышынын себеп-жөнүн бирикме жетекчилеринин бири Антон Седловский мындай жагдайга байланыштуу түшүндүрдү:

- Фермер өзү каалаганын жасай албайт, ал кирешеси аз ишти жасоого мажбур. Маселен, Көл кылаасы бак өстүрүүгө ыңгайлуу. Бак тез өсөт, жыл сайын мол түшүм берет. А бирок көп жер эгин айдоого бөлүнгөн.

Анын пикирин кесиптеши Андрей Кияшко да колдоду.

- Көл кылаасында деле Сарөзөн Чүйдөгү схеманы кайталаштын эч кандай кажаты жок. Экөөндө эки башка ишти жасоо керек. Көрүп турасыздар, мына канча жылдан бери Чүйдө өрүк болбой жатат. Көлдө болсо өрүк менен алманын түшүмсүз калган жылын эстей аласыңарбы, менин эсимде жок.

Антип бир өрөөндү жалаң багбанчылыкка которуунун эч кандай зарылдыгы жок, дейт академик Жамин Акималиев.

- Баарын таптакыр эле сеппесин деген болбойт. Анын, мисалы, катнашы болушу керек: кайсы жерге кандай өсүмдүк өсөт. Муну биз мурда эле иштеп чыкканбыз. Ошондо анан которуштуруп айдоо болушу керек. Анан эми бардыгын Чүйгө топтоп койгондо да туура болбой калат.

Азык-түлүк каатчылыгы күчөп бараткан чакта Кыргызстанда дан проблемасын чечүүнүн ушундай экологиялык жолунан тышкары да алтындан алынган кирешенин эсебинен “буудай” долбоорун ишке киргизүү демилгеси да көтөрүлгөн. Айыл, суу чарба, кайра иштетүү министрлиги мамлекеттик азык-түлүк корпорациясын түзүү аркылуу проблеманы чечсе болорун айтып келатат.
XS
SM
MD
LG