Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

“БАКИЕВДЕРГЕ ЖАРДАМ” АКЦИЯСЫ НАРЫНДА ДАГЫ КОЛДООГО АЛЫНДЫ


2-июнда Бишкек шаарынын 1-Май райондук соту “Де-факто” жана “Алиби” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/06/3CF8C921-39DC-4EF2-AAD1-047D3AAA3D59.asp гезиттеринин ар бирин бир миллион сомдук айып төлөө чечимин чыгарды. Мындай чечим жер-жерлерде ар кыл пикирлерди жаратууда. Ал эми Нарын шаарында “Нарын kg” медиа борбору үч күндүк акцияны баштап, ар бир жарандан бир сомдон каражат чогултушаарын жарыялашты.

Президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин “Де-факто” жана “Алиби” гезиттеринин үстүнөн жазган доо арызы буга дейре бир нече ирет баштапкы соттук териштирүүдөн өткөрүлүп, акыры ар бир гезитти бир миллион сом айып салуу менен аяктады. Нарын шаарынын тургуну Жумабек Осмоналиев бул жагдайды соттун акыйкат чечим эмес деп эсептейт:

- Болгону бир инсандыкты, акыйкатты айткан “Алиби”, “Де-факто” гезиттер эле. Сот дагы акыйкат чечпей, ал гезиттерге бир миллион сомдон айып салып атат. Азыркы заманда оппозиция деп коет экен, бийликти сындап, кетирген кемчиликтерин айтып турган басма болуш керек.

Ал эми жергиликтүү айрым тургундар төмөндөгүдөй пикирлерин билдиришти:

-Мен Нарын жеринин тургуну Айтиев Дүйшөкемин. Мен билгенден “Де-факто” гезити Кыргызстандагы эң акыйкатуу гезит. Кыргызстанда сөз, жазма эркиндиктери калыш үчүн ал гезиттин жашоосун мен каалайт элем. Биздин азыркы президентибиз Бакиевдин үйбүлөсү дагы акчага муктаж экен. Ошого жардам катарында беш баламдын атынан байбичем экөөбүз бир сомдон 7 сом берүүгө макулмун.

- Мен Кыргыз Республикасынын гербинин автору Асеин Абдыраев. Асылбек деген баласы студент экен, коомго, өлкөгө эч кандай аты-жөнү билине элек. Ошол бала эмнеден, кандай жол менен барып акча алат? Адам эмес бир мекеменин канча бир кирешеси болчу акчанын эки гезиттен өзү каалагандай миллион сомдон бөлдүрүп алам деп бөлдүрүп алышын менин көңүлүм анча туура көрбөйт. Буга менин туура эмес эле көз карашым бар.

Асеин Абдраев бир сомдон акча чогулткан марафонго таң калгандыгын жашырбайт:

- Эртең менен “Азаттыктан” айтты бир сомдон салып атабыз деп. Бул дагы бир кызык маселе экен. Бул жагы кандай болот түшүнбөйм, буга чейин бир сомдон марафонго салдык дегенди уга элек да болчумун.

Нарын райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниязбек Касымалиев буларды айтат:

- Бул гезиттердин дагы илгери чыккан материалына жооп бериши туура. Ал гезит реалдуу болбосо, заказ менен жасай берсе бул туура болбойт албетте. Бирок улуу адамдар дайыма кечиримдүү болушу керек деп ойлойм. Эми кандай болсо дагы сот ошол ак экенин жарыялаганы жакшы. Бирок миллиондон сом салып койгондо, ал байкуш гезит миллион сомду кайдан табат? Бул гезитти муунткандык.

Жергиликтүү коммунист Асыл Жаманова “Де-факто” гезитинин жабылышы менен эле иш бүтпөйт деп санайт:

- “Де-факто” гезитин жапкан менен эле эмне иш бүтмөк беле? Мисалы, “Де-фактону” жапкан күндө деле башка гезит аркылуу биз маалыматты алып турабыз. Бул президенттин эле бир туугандары бүгүнкү биздин президентибиздин аброюна көө жапкандык.

“Нарын kg” медиа гезити “Де-факто” гезитинин акциясын колдоп, бир сомдон каражат топтоо өткөрүшөрүн борбордун жетекчиси Жаркын Ибраева билдирди.

Ал эми журналист Бактыгүл Мундузова:

- Учурда саясий куугунтукка туш болгон “Де-факто” жана “Алиби” гезиттеринин учурдагы абалына байланыштуу Нарын жергесиндеги жалпы журналисттер тынчсызданып, өзүбүздүн салымыбызды да кошуу менен атайын акция өткөрөлү деп, биз дагы алар жасап жаткан акцияга кошулуп иш жүргүзгөнү жатабыз.

Ал эми экинчи тарап болсо сот чечими адилет жана мыйзамдуу болгондугун буга чейин билдирген эле. Президенттин иниси Асылбек Салиевдин адвокаты Сергей Котишевский “Де-факто” гезити тарабынан уюштурулуп жаткан “Бакиевдерге жардам” деген акция саясий оюн болуп эсептелет, деген пикирин “Азаттыкка” айткан:

- Соттун чечими эң туура, мыйзамдуу болду. Ал эми 1 миллион сом айыппулду доогер тарап өзүнө албайт, бул каражат кайрымдуулук иштерине жумшалары мурдатан эле айтылып келе жатат. “Де-факто” гезити уюштуруп жаткан акция – кемсинтүүчү мүнөздөгү саясий оюн болуп эсептелет.
XS
SM
MD
LG