Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Бүгүн Бишкекте адам укуктары жаатында иштеген эларалык уюмдун кеңсесинде чыр чыкты. Өздөрүн Ички иштер органдарынын өкүлү деп тааныштырган эки киши жана аларды коштогон аты-жөнү белгисиз дагы эки адам Бишкектеги Норвегия Хельсинки комитетинин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/06/68370964-0A96-4918-B4CF-AB54ECDC9ACD.ASP имаратына кирип, уюмдун ишмердүүлүгүн текшере башташты. Текшерүүнүн себептерин алар атайын жүргүзүлүп жаткан рейд менен байланыштырышты. Бирок уюмду коргоо максатында ал жерге келген укук коргоочулардын айтымында, текшерүүлөр менен келишкендер өздөрү мыйзам бузууга барып жатышат. “Азаттыктын” кабарчысы Төрөкул Дооровдун суроолоруна жооп берип жатып, аталган комитеттин деректири Ивар Дале муну уюмга карата басым деп сыпаттады.

Ивар Дале: -Мага алгач чалып, милиция биздин документтерди текшерип, сүрөткө тартып жатканын айтып калышты. Анан мен келсем, төрт адам бар экен. Экөөндө Ички иштер министрлигинин документтери бар, калган экөө эч кандай документин көрсөтүшкөн жок жана кимге иштей тургандыктарын айтуудан баш тартышты. Бир эле туруп, Ички иштер министрлигинде иштейбиз дешти, анан бир аздан соң Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттенбиз дешет. Менимче, кыргыз күч структуралары адам укугун коргоочу уюмдун кеңсесине кирип алып, эч кандай документ көрсөтпөй туруп, биздин файлдарды сүрөткө тарта башташканы өтө олуттуу белги. Бул, менимче, мыйзамсыз аракет.

“Азаттык” : -Бүгүн сиздерди текшерип келгендер Норвегия Хельсинки уюму Кыргызстанда иштөө үчүн тийиштүү документтерге ээ эмес деп айтып жатышат. Сиз өзүңүздүн уюм тууралуу айтып берсеңиз, Кыргызстанда эмне менен алектенесиздер?

Ивар Дале: -Мен Кыргызстанга келгениме бир жылдан ашып калды. Бул жерде Норвегия Хельсинки Комитетинин регионалдык бөлүмүн ачуу максатында келгем. Биз адам укугун коргоо жаатында иштейбиз. Кыргызстанда эларалык уюмдарга каттоодон өтүү оңой эмес. Мен өлкөгө келишим менен сиздердин Юстиция министри, анын орунбасарлары менен жолугушуп, биз бул өлкөдө аткарууну максат кылган иштер тууралуу жана өзүнчө кеңсе ачуу ниетибиз бар экенин ачык айткам. Мисалы, өткөн жумада министрдин орунбасары менен жолукканымда, биздин документтер даяр болуп калганын, каттоо иши да аяктап калганын билдирген.

“Азаттык” : -Ивар мырза, эмне үчүн сиздерди текшерип жатышат деп ойлойсуз? Сиздерге кандайдыр бир шек барбы?

Ивар Дале: -Мен өткөн дем алыш күндөрүнүн алдынан жасаган билдирүүбүз жөнүндө ойлой баштадым. Биз Өзбекстандагы адам укуктары жаатындагы долбоорлорго майда грант жарыялай турганыбызды айтканбыз. Эми андан эки күн өтүп-өтпөй минтип, текшерүүгө алып жатышканы аябай кызыктуу болуп жатат. Бул, бир чети, жөн гана инцидент болушу мүмкүн, бирок өздөрү паспорт-документтерин көрсөтпөй туруп, биздин файлдарыбызды сүрөткө тарта башташканы мунун жөн гана инцидент эмес экенин көрсөтүп жаткансыйт. Албетте, менде азырынча далил фактылар жок, бирок бул окуя, жок эле дегенде, мени бир топ ойлондуруп койду.

“Азаттык” : -Сиздин пикириңизде, Кыргызстанда эларалык уюмдарга басым жасалабы?

Ивар Дале: -Мурдагыга караганда, азыр эларалык уюмдарга Кыргызстанда иштөө бир топ оор болуп калды. Анткени каттоодон өтүү процесси татаал жана узак убакытты алат. Мисалы, мурда эларалык уюмдар каттоосуз эле иштей беришчү. Бүгүнкүдөй окуялар, менимче, бизге карата басым бар экенин айгинилейт. Бирок, менимче, өлкөдө бир эле эларалык уюмдарга эмес, жергиликтүү бейөкмөт уюмдарга да кысым жасалууда. Мунун кесепетин тынч митинг-пикеттерге жыйналууга каршы чектөөлөрдүн киргизилиши менен түшүндүрсө болчудай. Кыргызстанда адам укугу жаатында да саясатчылар ойлонушу керек болгон жагдайлар бар.

“Азаттык” : -Эми кандай аракеттерди көрөсүз?

Ивар Дале: -Азырынча так бир планыбыз деле жок. Кечинде милиция бөлүмүнө чакырышты. Ал эми эртең Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссарынын орунбасары менен жолугушам. Биз бүгүнкү окуялар тууралуу сүйлөшөбүз. Анан калганын көрө жатарбыз.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат!
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG