Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Али Хаменеи: Чет өлкөлүк аскерлердин калышы Ирак үчүн чоң маселеге айланды


Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи Ирактын өкмөт башчысын АКШ менен коопсуздук келишимине кол коюуудан карманууга чакырды. Багдад менен Вашингтон Ирактагы америкалык аскерлердин жаңы жылдан кийинки статусун аныктаган документтин үстүнөн иштеп жатышат. 2008-жылдын этегинде Улуттар уюмунун мандаты соңуна чыгууда. Хаменеи Тегеранда визит менен жүргөн ал- Маликиге чет өлкөлүк аскерлердин өлкөдө кала бериши Ирак үчүн ири проблемага айланды деди. Кечээ болсо Малики Ирак Иранга чабуул коюуу үчүн плацдарм болуп бербейт деп ишендирген. Буга байланыштуу пентагондун басма сөз өкүлү Ирактагы америкалык куралдуу күчтөр Ирактын коңшуларына каршы операцияларга тартылбайт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG