Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

ЕВРОБИРИМДИК-АКШ САММИТИ КУРЧТУГУ МЕНЕН ТАҢ КАЛТЫРБАЙТ


Аида Касмалиева, Прага Бүгүн (10-июнда) АКШнын президенти Жорж Буш Словенияда өтчү Евробиримдик – АКШ саммитине катышып, Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен соода-сатык алакалары боюнча пикир алышат. Саясий талдоочулардын көпчүлүгү бул жолугушууларга зор үмүттөрдү артууга ашыккан жок. “Буштан кийинки турмуш” жөнүндө көбүрөөк ойлонгон расмий Брюссель да саммиттин формалдуу экендигин күткөндөй, дешет серепчилер.

Жорж Буштун президенттик мөөнөтүнүн аякташына саналуу гана айлар калган чакта, Евробиримдик менен Америка Кошмо Штаттарынын алакалары өзүнө мүнөздүү эмес сылык-сыпаа жана мокок мүнөз ала баштады.

А бирок кээ бир байкоочулар Люблянадагы жыйын бир топ орчундуу эларалык маанидеги суроолорду баары бир козгойт деп божомолдошууда. Ирак жана Иран мамилелери - дагы да болсо күн тартибинде.

Президент Жорж Буштун улуттук коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Стивен Хэдли бул жагдайды мындайча ырастады:

- Баарыдан мурда Иранга байланыштуу жаңы сунуштар айтылып калышы ыктымал. Европалык үч өлкө, Кытай, Россия жана АКШ биргелешип даярдаган демилгелерди Тегеранга Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Хавиер Солана алып барганы жатат.



Косово жана Грузияга байланыштуу талаш-тартыштуу кырдаалдар да саммитте талкууга алынбай койбойт, бирок буга чейин калыптанган турумдардын кескин өзгөрүп кетиши деле күтүлбөйт. Албетте Орусия сын-пикирлердин бутасына айланаары күтүлүүдө, бирок Брюссель, серепчибиз Ахто Лобйакастын пикирине караганда, Дмитрий Медведевге орус президенти катары жаңы ролго жакшылап кириши үчүн жагымдуу шарт түзүп, Орусияга карата жаңы саясатты чукул арада иштеп чыгууга ашыкпай тургандай.

Саммит учурунда Америка да, Евробиримдик да дүйнөдөгү жарды өлкөлөргө айыл-чарба жана соода тармагында көмөктөшүү боюнча бир жыйынтыкка келиши керек. Бирок Евробиримдикке мүчө бир катар өлкөлөрдүн өздөрүнүн айыл чарба тармагына карата колдоо көрсөтүүчү, башкача айтканда, протекционисттик саясатын эске алганда, бул иш-аракет да оңойго турбачудай.

Кеңири талкууланчы дагы бир жагдай – климаттык өзгөрүүлөргө карата бирдей саясат иштеп чыгуу жааты. АКШнын бул суроо боюнча турумун жактырбаган Евробиримдикке мүчө өлкөлөр бул ирээт да Американы өнөр жайлык газдардын көлөмүн азайтууга ынандырууга аракеттенишет.

АКШнын мамлекет башчысынын Европага болгон расмий сапарын утурлай Европарламент 8-июнда (жекшемби күнү) Америка боюнча сын-пикирлердин узун тизмесинен турган резолюция кабыл алды. Тизмеге АКШнын ракетадан коргонуу долбоору, Гуантаномо түрмөсүндөгү шарттар жана климаттын ысышына карата Вашингтондун ыкшоо мамилеси өңдүү суроолор киргизилген.

Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү шейшембидеги саммиттин алдында журналисттер үчүн маалымат жыйынын курушуп, АКШнын болочокку президенттигине Жон МакКейн менен Барак Обаманын кимиси шайланбасын, айтор, Вашингтондогу жаңы мамлекет башчы менен жакшылап кызматташууга өздөрүнүн даяр экендигине ишаара кылышты.

XS
SM
MD
LG