Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Кыргызстандын жаңы Акыйкатчысы, мурдагы белгилүү диссидент Турсунбек Акун өлкө атуулдарынын укугун коргоп тим болбостон, бул институттун ишин мындан да жакшыртаарын убада кылды. Учурда Акыйкатчыны бийликтин айтканы менен болуп калды деп сындап келгендер да жок эмес. Антсе да, айрым серепчилердин айтымында, Кыргыз Акыйкатчысын Борбордук Азия жумурияттарындагы бийликтен көз каранды болбой иштеп жаткан көзгө басар омбудсман катары баалоого арзыйт.

Серепчилер Борбордук Азияда бийликтин акыйкатсыздыгы, аткаминерлердин өз кызматын ашкере баса пайдалануусу, алтүгүл оппозицияга карата ырайымсыз мамилеси тууралуу мисалдар жетишээрлик экенин белгилешет.

Өкмөт көзүн караган соттор жана сот системасындагы паракорчулук акыйкат издеген көп адамдарды үмүтсүз калтырып, аргасын куруткан учурлар аймакта арбын кездешет. Ушундан улам жергиликтүү адамдар көз карандысыз укук коргоочуларга даттанып кайрылууга мажбур. Бирок Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө көз карандысыз укук коргоочулар дээрлик жокко эсе. Ташкенде мындай укук коргоочулар азыноолак болсо да алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, алар ар дайым бийликтин кысмагында жүрүшөт.

Бул жагынан алып караганда Кыргызстандагы Акыйкатчы институту аймак үчүн уникалдуу мисал, дешет эл аралык байкоочулар. Кыргыз Акыйкатчысын парламент шайлайт жана анын кеңсеси чындык издеген атуулдар даттанып кайрылган кошумча орган саналат.

Кыргызстанда Акыйкатчы институту 2002-жылы күзүндө түзүлгөн. Уюшулгандан тарта бул мекемеге жүз отуз миңден ашуун адам кайрылган. Турсунбек Акунга чейин кыргыз Акыйкатчысы – Эркин Кыргызстан” демократиялык партиясынын лидери, мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу болчу.

Ал эми Турсунбек Акун жакында өз ишинин жүз күндүгүн жыйынтыктап жатып, болочок иштери тууралуу ойлорун да ортого салды. Опсуз көбөйгөн кызматкерлердин санын азайтып, башка да керексиз чыгымдарды жоюп, мамлекеттин казынасына 1,8 миллион сомдой каражат үнөмдөп кайтарганын Турсунбек Акун мындайча маалымдады:

- Эң негизгиси – укук коргоочулар, атуулдук коомдун өкүлдөрү менен биргелешип иштей баштадык. Адам укугун коргоодо Акыйкатчыны эле эмес жалпы атуулдук коомдун өкүлдөрүн пайдаланалы деп жатабыз. Экинчиден, институттун кадыр-баркы, аброю өтө эле чөгүп кетиптир, көпчүлүк аны менен эсептешпей калыптыр. Азыр кадыр-баркын көтөрөлү деп, конституциялык сот, жогорку сот, парламент, Акүй менен байланышып атабыз. Эл аралык уюмдар менен токтоп калган долбоорлордун баарын калыбына келтирип жатабыз. Анан БУУнун алдындагы Адам укугу боюнча комитетке мүчө болсокпу деген аракетибиз бар,- дейт Турсунбек Акун.

Бирок Турсунбек Акун жетектеген кеңсенин ишинин натыйжасынан күмөн санагандар да бар. Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, депутат Бакыт Бешимов убагында Кыргыз бийлиги Батышка демократия баалуулуктары өлкөдө кадырланаарын көрсөтүү үчүн гана бул институтту негиздеген деп белгилейт. Талапкердиги өлкө президенти тарабынан сунушталган Турсунбек Акун мамлекет башчыдан көз каранды бойдон калаарын Бешимов эскертет:

- Эгер чыныгы демократия десек Акыйкатчыны укук коргоочулар чөйрөсү өзү тандап, аны Жогорку Кеңеш шайлашы керек. Ошондо Акыйкатчы көз карандысыз болуп, тишелүү ишти алып барат эле. Бул уюм жемиштүү иштеши үчүн биринчи кезекте тиешелүү иликтөө, мониторинг болуш керек. Институт иштей баштагандан бери адам укуктарын коргоо жаатында кандай өзгөрүү болду? Менимче, азыр жалпысынан адам укуктарына, атуулдардын кызыкчылыгын коргоого жакшы көнүл бурулбай жатат, өтө салкын, шалаакы мамиле жасалат.

Коңшу Казакстанда Акыйкатчы кеңсеси да 2002-жылы түзүлгөн. Азыр бул институтту Аскар Шакиров жетектейт. Ушул убакка чейин сегиз жарым миңдей адам кайрылып, арыз-дарттын теңинен азы өкмөткө жөнөтүлгөнүн анын кеңсеси маалымдалган. Бул мекеме казак президентинин түздөн-түз көзөмөлүндө.

Өзбекстанда болсо Акыйкатчынын ишинин натыйжалуулугу тууралуу мындай маалыматтарды алуу өтө эле кыйын. Борбор Азия мамлекеттеринде өзбек Акыйкатчысы институту биринчилерден болуп 1998-жылы негизделген жана ошондон тарта аны Саййора Рашидова жетектеп келет. Көз карандысыз байкоочулар Өзбекстандагы мурунку Коммунисттер партиясынын төрагасы Шараф Рашидовдун кызы Саййора азыр өзбек президенти Ислам Каримовдун колундагы куурчагы деп сыпатталып келет. Рашидованын кеңсесине барган айрым арыз ээлери анын кеңсесинен кайтканда милиция тарабынан тергелгенин, же ал түгүл кыска мөөнөткө камакка алынып, бошотулганын, кийин да шек саноолорго кабылганын айтып калышат.

Тажикстан да жакында өз Акыйкатчысына ээ болуп калышы ыктымал. Жакында өлкө парламенти бул жаатта атайын мыйзам кабыл алган болчу, бирок ал мыйзамга президент азырынча кол койо элек.

Түркмөнстанда Демократия жана Адам укугу боюнча институт бар. Бул институт мурдагы президент, маркум Түркмөньбашы Сапармурат Ниязовдун тушунда түзүлгөн. Түрмөнстанда адам укугу боюнча оор кырдаалды оңдоого бул институт эч кадам жасабаганы да маалым.

Ошентип, чет өлкөлүк серепчилердин баамында, коңшуларга салыштырмалуу Кыргызстандын Акыйкатчы институту кыйла бутуна туруп калган жана укук коргоо жаатында алда канча ишеним туудурган кеңсе болуп саналат.

Ал арада кыргыз Акыйкатчысы Турсунбек Акун шымаланып жакынкы болочокто жасачу иштерин ортого салды. Акун Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жалпы Декларациясынын 60 жылдыгына карата күзүндө Бишкекте Акыйкатчылардын эл аралык жыйынын өткөрүүгө белсенүүдө. Сынчылары болсо Турсунбек Акундун жөжөсүн санай турган мезгил али да алдыда экенин каңкуулашууда.
XS
SM
MD
LG