Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” жөнүндөгү мыйзамды талкуулоочу жумушчу тобу түзүлөт. Бул тууралуу Бишкектеги Медиа өкүл институтун директору Илим Карыпбеков, Кыргызстандын президенти К. Бакиев 3-июнда кол койгон “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети тууралуу "Азаттыкка" маек курган.

-Илим мырза, Кыргыз президенти өткөн жумада кол койгон “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жумушчу топ түзүлгөнү турат. Анын курамына кандай адистер кирет жана эң башкысы мыйзамдан кандай жоболорду жоюп, кандай өзгөртүүлөрдү киргизген жатасыздар?

-Бул үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү өлкөнүн өкмөтүнүн, маалымат министрлигинин, жарандык коомдун жана телерадио компанияларынын өкүлдөрү болмокчу. Бул жумушчу топ эң негизгиси ушул мыйзамдын ишке киришинин реалдуу механизмдерин иштеп чыкмакчы. Себеби азыркы мыйзамды ушул турпаты менен күчүндө калтырып коё турган болсок көп-көп деген телерадио компаниялар анын жоболорун аткара албай жабылып калышы мүмкүн. Бул биринчи кезекте, албетте өзүнүн 50 пайыз продукциясы жөнүндө жана тил маселеси боюнча. Мындан тышкары биз лицензия маселесин да карап чыкмакчыбыз. Себеби бул жагынан өкмөткө ыйгарым укук берилип коюлган. Бул туура эмес. Анткени ал коррупциянын булагын жаратмакчы. Мындай ыйгарым укук сот органдарына берилиши керек, же болбосо көз карандысыз органга тапшырылышы керек. Мына ушуну иштеп чыкмакчыбыз.

-Ушул мыйзам даярдалып, кабыл алганга чейин талаш-тартыш болгону белгилүү. Мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынып, президент кол койсо деле эмнегедир ишине тоскоолдук түзүлөт деп жаткан телеканалдардын айрымдары гана президентке кайрылуудан башка нааразылыктарын билдиришкен жок. Буга эмне себеп же бул эркин маалымат каражаттарынын дымагы басаңдап бара жаткандыгынын белгисиби?

-Албетте бул жөнүндө дагы биз толук түрдө реалдуу механизмдерди сунуштайбыз президентке. Себеби азыркы учурдагы башкаруу системасы, башкаруу механизми демократиялык өлкөнүн талаптарына таптакыр жатпайт. Ошондуктан биз башка сунуштарды киргизмекчибиз. Муну да иштеп чыгып, Улуттук телерадио компаниянын башкаруу системасына кандай түрдө жарандык көзөмөл механизмин киргизүүнү да сунуштамакчыбыз.

-Ушул мыйзамга Улуттук телеканалдын жетекчисин байкоочу кеңештин макулдугусуз эле президент өзү дайындайт деген жобонун киргизилиши катуу талаш жаратты эле. Жумушчу топ байкоочу кеңеш институтунун толук кандуу иштешин камсыз кылган жобону киргизеби?

-Биринчиден, бул телерадио компаниялардын көбүнүн кайдыгердик мамилеси деп ойлойм. Бул алардын ортосундагы биримдигинин жоктугунан. Себеби көп телерадио компаниялардын позициясы, көз карашы мындай болуп атат, бул мыйзам баарына тиешелүү, бирок мага тиешелүү эмес деген позиция. Албетте ал туура эмес позиция, бул мыйзам баарына тиешелүү. Анан бизде кыргызда бар эмеспи, башыңа түшкөндө гана сүйлөй баштайсың, бул эң туура эмес позиция. Ошондуктан мен телерадио компаниялардын өкүлдөрүн дагы бир жолу чакырып кетмекмин, ушул маселеде баарыңар биримдикте жакшы бир чечимге келгиле.

-Телекомпаниялардын өз өкүлдөрү дагы жумушчу топко катышабы?

-Албетте азыр ошол жумушчу топто телерадио компаниянын өкүлдөрү гана калды. Азыр ошол бөлүктү гана толуктай албай жатабыз, тигил, же бул адамдарга кайрылып жатабыз. Бирок тилекке каршы азырынча активдүү демилге менен чыккандарды такыр көрө элекпиз. Биз ушул жуманын аягына чейин жумушчу топ түзүлөт деп үмүттөнүп атабыз.

-Сиз буга чейин медиа тармактагы мыйзамдардын эл аралык стандарттарга дал келүүсүн талап кылган акцияларга барабыз деп билдирген элеңиз. Ал кандай акция жана качан болушу мүмкүн?

-Азыр президент өз жарлыгында шарт койбодубу, жарандык коомдун жана медиа, телерадио компаниялардын өкүлдөрүнүн позициясын, ой-пикирин угуп жана сунушту киргизгиле деп. Эгерде ошол сунушубуз кабыл алынып, шарты аткарылып кете турган болсо, анда албетте андай акциялардын кереги жок болот. Эгерде бул шарт ишке ашпай калса, анда ар кандай акцияларды кылабыз.

-Маегиңизге чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG