Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

17:05 Жалалабаттык эки милиция кызматкери Өзбекстанда кармалууда


Аларды бошотуу аракети натыйжасыз калууда. Облус губернаторуна Наманган облус башчысы милиционерлердин иши коопсуздук кызматында экендигин жана алардын ишине акимдер кийлигише албай тургандыгын билдирген. Бул тууралу бүгүн Жалалабат обл.милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Ибрагим Шатманалиев маалымдады. Анын айтымында Наманган облусунун Чартак районунда 4-июнда кармалган Алабука районунун эки тартип сакчысы убактылуу кармоо жайына киргизилген эмес, алардын автоунаасы гана камакта. Өзбек коопсуздук кызматы кыргыз тарапка өзбек чек арачылары таштай качкан эки автомат кайтарылса, кыргыз милиционерлери бошотулаарын кыйыткан. Эске салчу нерсе 2-июнда кыргыз жаранын кармап кетмек болгон өзбек чек арачылары эки автоматты жергиликтүү тургундарга таштай качышкан (YA)

XS
SM
MD
LG