Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

17:23 Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча регионалдык өкүлчүлүгү Бишкекте ачылат


БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын орун басары Кюн ва Кан айымдын бүгүн Бишкекке башталган сапарында өкүлчүлүктү ачуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Кыргыз тараптан макулдашууга кол койгон тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов өкүлчүлүктүн Бишкекте ачылышына жергиликтүү атуулдук коомдун активдүүлүгү, өкмөттүк эмес уюмдардын натыйжалуулугу эске алынганын белгиледи. Кюн ва Канды бүгүн президент К.Бакиев кабыл алып, жаңы ачыла турган өкүлчүлүкко мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөөрүн билдирди. Жогорку Комиссардын орун басарынын ошондой Жогорку Кеңештин төрагасы, башкы прокурордун орун басары жана Акыйкатчы Турсунбек Акун менен жолугушуусу белгиленген. (AiT)

XS
SM
MD
LG