Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

17:45 Жогорку Кеңештин комитети Акыйкатчынын отчетун укту


Акыйкатчы Турсунбек Акун парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинде Кыргызстанда өткөн жылда адам укуктарынын сакталышы боюнча маалымат берди. Депутаттар отчетко сын көз менен карап, анда Акыйкатчынын, жергиликтүү бийликтердин ишине жана адам укуктарынын бузулушуна талдоо жүргүзүлбөгөнүн белгилешкен. Буга байланыштуу адам укуктарынын абалы боюнча үч ай сайын парламенттин комитетине маалымат берип туруу Акыйкатчыга тапшырылды. Парламенттин комитети бул күнү ошондой эле “Ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырып, аны парламентке алып чыгууну чечишти.Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG