Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

С.КАЙЫПОВ: КЫРГЫЗДАР ТУУРАЛУУ ТАСМА КЕЛЕЧЕКТЕ БААЛУУ МУРАСКА АЙЛАНАТ


Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Бүгүн Опера жана балет театрында “XX кылымдагы кыргыздар” аттуу даректүү тасманын бетачары болду. Ошол тасма тууралуу аны тартууга көмөктөшкөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Сулайман Кайыпов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Сулайман мырза, биздин билишибизче бул даректүү тасма кыргыздардын соңку тарыхындагы жаңы бир илимий изилдөө ыкмасы болду. Аны жаратуу идеясы кандай пайда болуп, кантип ишке ашты жана ага кимдер көмөктөштү? Материалдар кайдан алынды? Алгач угармандарыбызга ушулар тууралуу маалымат берсеңиз?

- Азыр дүйнөдө элдин эс тутумун изилдөөнүн булактары жана методдору абдан өнүгүп жатат. Изилдөө булактары абдан кеңейди, изилдөө методдору дагы көп түрдүү боло баштады. Мына ошол багытта жасалган иштердин бирөө ушул биздин университеттин көмөгү менен тартылган “20-кылымдагы кыргыздар” деген тасма болуп эсептелет. Бул катардагы эле фильм эмес. Бул элдин эсинде калган тарых бар бар эсептейт азыркы тарыхчылар. Эл эсине тутуп жүргөн тарых бар. Архивдеги жазылуу булактар жана археологиялык табылгалардан башка дагы жандуу түрдө адамдар өздөрү эстеп жүргөң чыныгы тарыхты чагылдырган булактардын бар экендигин айтышат. Америкадан тартып, Японияга чейинки окумуштуулардын бардыгы муну көптөн бери эле колдонуп келишкен, ооз эки тарых деп элдин өзүнүн белгилүү бир убакыт жөнүндө, мезгил, эпоха жөнүндөгү айткандарын магнитофонго, же камерага жазып алышып, ошону изилдешкен. Ондогон кишилерден маалыматтарды топтоп туруп, анан ошону тарыхый булак катары талдап чыгышкан. Мына ошол багытта жасалган Кыргызстандагы алгачкы кадам ушул болуп эсептелет.

- Эми бул даректүү тасма кандай багытта, кантип колдонулат? Орто жана жогорку окуу жайларда билим берүү программасына киргизилеби жана чет өлкөлөргө тарыхый материал катары сатылабы? Мындан ары да улантылабы?

- Бул иштин башталышы эле болуп эсептелет. Бул мындан ары дагы өнүгөт. Абдан ар түрдүү булактардан, айылдык, ар түрдүү катмарда жашап жаткан адамдардан маалыматтар алынып, мындан ары да өнүктүрүлөт. Бул биринчи жолу мындан эки жыл мурда үзүндүсү көрсөтүлгөн. Ошондо чет элдик окумуштуулар бар эле, алар абдан таң калган. Себеби кыргыздардын жакынкы өткөн тарыхы жөнүндөгү баяндама абдан чыныгы, мындан мурда официалдуу жазылган көз караштардан айырмаланып турган, чыныгы тарыхты чагылдырган сөздөр бар экенин белгилешкен. Эгерде муну мындан ары өнүктүрсөк сөзсүз түрдө жөн эле катардагы көрүүчү деле көрө турган жана илимде дагы колдоно турган илимий-популярдуу фильмге айланат. Таптакыр бүттү деп айтышка болбойт муну. Малтепе деген университет бар, ошол университеттин илимпоздору менен бирге тартылган илимий тасма. Адегенде көрсөтүлөт, андан кийин эл, окумуштуулар кандай кабыл алат, анан ошого карап улам өнүктүрүп отурабыз деген ой бар.

- Анан бул фильмди тартуу учурунда кыргыздардын улуттук менталитетинде олуттуу өзгөрүүлөр болгону байкалдыбы жана ага эмне себеп болгондугу иликтендиби?

- Сөзсүз түрдө, кыргыздардын менталитетинде ушундай бир нерсенин бар экендиги белгилүү болду. Мисалы, Сталиндин убагындагы окуяларды адамдар так өзүндөй кылып айтып берип жатышат. Расмий булактарда айтылган кандайдыр бир идеологиялык көз караш менен чүмкөлгөн шекилдүү эмес, жылаңач эле, окуя кандай болсо ошондой кылып айтып берип жатышат. Азыр анчалык билинбегени менен мунун өзү тарых үчүн абдан маанилүү. Себеби, булак катары колдонулган кишилер азыр турмушта бары жашап жатышат. Ошондуктан анчалык маанилүү болбосо дагы, 100-200 жылдан кийин бул абдан чоң баалуу материалга айланат.

Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG