Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

АКШ ЖАНА ЕВРРОШАРКЕТ САММИТИ ӨТҮҮДӨ


Словениянын башкааласы Люблянада бүгүн АКШ – Еврошаркет саммити өтүүдө. Анткени Словения - Ерошаркеттин учурдагы төрагасы. Ирак, Иран, Ооганстан, Косово жана глобалдык соода бүгүнкү саммиттин күн тартибиндеги көп маселелердин айрымдары. Бирок талкууланган маселелерде кандайдыр бир олуттуу бурулуш болору күтүлбөйт.

Жорж Буш Кошмо штаттардын президенти катары Европадагы эң биринчи ири сапарынын алкагында Словенияда 2001-жылы болгон эле. Туура жети жыл мурда словен башкааласы Люблянанын чет жакасындагы Брдо сарайында Орусиянын ал кездеги жаңы президенти Путин менен алгачкы кездешүүсүн өткөргөн. Эми ал келерки жылдын башында президентикттен кетер алдындагы акыркы жана коштошуу сапары учурунда ошол Брдо сарайына кайра кайтып келди. Ал эми АКШ менен Еврошаркет алдында турган проблемалар азыр 2001-жылдагыдан да арбын.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Стивен Хэдли мурдараак, балким, Иран бул саммиттин башкы маселеси болорун айткан эле. Ал белгилегендей, Вашингтон айрым европалык өлкөлөрдүн Иранга ал уран байытуу программасынан баш тартпаганы үчүн көбүрөөк кысым көргөзүү жөнүндөгү чакырыктарын колдойт. Бирок ага катар Хэдли кабарчыларга бул маселеде олуттуу бурулушту күтпөө керектигин эскерткен:

- Мен силер бул сапардын учурунда олуттуу жарыяларга күбө болосуңар деп ойлобойм. Силер күбө бол турган нерсе - бир катар маселелерди алдыга жылдыруунун үстүнөн иштөө, расмий чечимдер иш жүзүндө кабыл алынуучу жыйындарды көздөй багыт таштоо.

Саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүнүн долбоорунда, маселен, Иран боюнча АКШ жана Еврошаркет эгер Тегеран талаштуу өзөктүк программасын токтотуудан баш тарта бере турган болсо, ага каршы кошумча чараларды көрүүгө даяр экени айтылат.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Брюсселдеги кабарчысынын баамында, тышкы саясаттын талылуу маселелерине келгенде Еврошаркеттин лидерлери эми Буш эмес, анын орудун басууга умтулуп жаткан республикачыл Жон МакКейн же демократ Барак Обаманын бири менен иштешүүнү күтүүдө.

Саммитте Косово менен Грузиянын айланасындагы кризис да талкууланышы керек. Бирок буга тартылган тараптардын буга чейин калыптанган туруму азырынча өзгөрбөчүдөй. Саммите Орусия тууралуу да сөз болот. Бирок Брюссель кандайдыр бир жаңы саясий багытты иштеп чыгуу аракетин жасаардан мурда, Дмитрий Медведевге Орусия президети катары өзүнүн жаңы ролун көргөзүүсүнө мүмкүндүк берүүнү көздөп жаткандай.

Мындан сырткары экинчи пландагы талаштуу маселелер да бар. Алардын бири- сооданы либералдаштыруу боюнча Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында жети жылдан бери аягына чыга албай жаткан сүйлөшүүлөр. Вашингтон бул маселеде Буш кызматтан кеткенге чейин мунаса табууну көздөөдө. Мында АКШда, Еврошаркет да үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрү үчүн айыл –чарба продукцияларын сатуу жагынан чегинүүлөргө барышы керек. Башкача айтканда үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрү атаандаштыкка жөндөмдүү болуш үчүн АКШ жана Еврошаркет фермерлерине берилген субсидияны азайтуусу абзел.

Дагы бир маселе - глобалдык жылуулук. Еврошаркет АКШ булганыч газдардын абага бөлүнүшүн кыскартуу боюнча милдеттемеге алышын көздөйт. Вашингтон болсо мындайга каршы. Бул жаатта кандайдыр бир жылыш Кошмо Штаттардын кийинки президенти кызматка киришкенче орун алчыдай эмес.

Ошондой эле АКШнын Еврошаркетке жаңы мүчө болгон өлкөлөр менен визаны жоюу боюнча жекеме –жеке келишимдерди түзүп жатканы да Брюсселди туталанткан маселе. Еврошаркеттин эски мүчөлөрү буга окшогон келишим жалпы уюм менен түзүлүшү керек деп эсептейт жана жаңы мүчөлөрдүн айрымдарына Вашингтон тартип коргоо мекемелеринин кызматташтыгы, аба жүргүнчүлөрү боюнча маалыматтарды алмашуунун ордуна визалык жеңилдик берип жатканына каршы.

Айтор АКШ президенти Жорж Буштун Европадагы бул коштошуу сапарын утурлай, Европарламент өткөн апта соңунда, Вашингтонго карата дооматтардын узун тизмеси келтирилген резолюция кабыл алган эле. Анда АКШнын ракетадан коргонуу боюнча калканч түзүү пландары, Гуантанамо түрмөсү, террорчулукта шектелгендерди мыйзамсыз өткөрүп алуусу, глобалдык жылуулукка карата моюн толгогон мамилеси өңдүү көрүнүштөр камтылган. Буштун Европадагы сапары келерки дүйшөмбүгө чейин созулат. Бүгүн ал Словениядан Германияга келмекчи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG