Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

БОРБОР АЗИЯГА БЕЛ БОЛЧУ АДАМ УКУКТАРЫ УЮМУ АЧЫЛАТ


Аманбек Жапаров, Бишкек Бүгүн Тышкы иштер министрлигинде БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын регионалдык бөлүмүн Бишкекте ачуу боюнча келишимге кол коюлду. Расмий бийлик өкүлдөрү адам укуктарын коргоо жаатында өлкөдө бир катар алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилешүүдө. Ал эми айрым укук коргоочулар учурдагы бийликтин адам укуктары багытында жүргүзүп жаткан саясатын сынга алышып, эл аралык нормаларды аткарбай жатканын айтышууда.

БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын орун басары Кюн ва Кан айым Бишкекте аталган уюмдун аймактык бөлүмүн ачуу менен жалпы Борбор Азияда адам укуктарын коргоо багытындагы иштердин өнүгүүсүнө өбөлгө болорун баса белгиледи.

- Бул жеке Кыргызстан үчүн эле эмес жалпы Борбор Азия аймагы үчүн ачылып жаткан өкүлчүлүк. Биз адам укуктары боюнча прогресс бардык борбордук Азияда болуусун каалайбыз.

Тышкы иштер министринин орун басары Аскарбек Бешимов БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын аймактык бөлүмүн Бишкекте ачуу оңойго турбагынын, бул маселе боюнча коңшу мамлекеттер менен бир жылдан ашуун сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи.

- Биз Кыргызстан 14 пакт, конвенция башка документтерде милдеттенме алганбыз. Ачык, айкын демократиялык мамлекетти курабыз, ошонун ичинде биринчи кезекте адам укуктарын сактайбыз деп. Ал экономикалык, социалдык, саясий укуктар. Андан сырткары башка укуктар бар. Мисалы: кыйноолордон баш тартуу, ошондой эле өлүм жазасын жок кылуу жана аялдардын, балдардын укугун коргоо.

Бешимов БУУ нун адам укугу боюнча Жогорку комиссарынын орун басары менен бүгүн келишимге кол коюлган күндөн баштап бул документ ишке кирерин, бирок Жогорку Кеңештен ратификацияланарын билдирди.

Ал эми «Жарандык коом» коррупцияга каршы укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын аймактык бөлүмүнүн Бишкекте ачылышы Борбор Азияда адам укуктарын коргоого зор көмөк көрсөтөөрүн белгиледи. Анын айтымында, бийлик эл аралык мамиледе, куру убадалар менен чектелбей адам укугу жаатында натыйжалуу иштеши керек.

- Эл аралык уюмдар адам укугун коргоо багытында колдон келген жардамын беришүүдө. Эгерде бийлик жарандарга жакырчылыктан чыгууга, коррупциядан арылууга жардам бере албай жатса, үйбүлөлүк кландык башкаруудан чыга албай жатса анда биз айтабыз мындай жардамдын кереги жок деп. Анткени БУУнун өкүлчүлүгү формалдуу түрдө кол куушуруп отура бербейт да. Себеби ал уюм альтернативдүү отчеттерду берип турат. Ошон үчүн адам укугун жана эркиндиктерди сактаганга өкмөт кызыкдар болуп натыйжалуу иштеши керек. Иштебесе бул өкмөттүн трагедиясы.

Исмаилова белгилегендей президент Курманбек Бакиев Шанхай кызматташтык уюмунун жана ЕврАзЭСтин «барымтасында» калып, демократиялык принциптерден четтөөдө. Анткени Орусия баш болуп уюмга кирген мамлекеттерде адам укуктарын сактоого маани берилбей, биринчи кезекте бийликти күчтөндүрүү аракети көрүлүүдө, дейт укук коргоочу.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова болсо бийлик тарабынан адам укуктарын басмырлоо өткөн жылдагы Баш мыйзамды реформалоодо жана парламенттик шайлоодо ачыкка чыкканын белгиледи.

- Учурда Кыргызстанда укук коргоочуларга, сөз экриндигине басым болуп жатат. Азыр сөз эркиндигин кысмакка алган мыйзамдар кабыл алынып жатат. Бийлик «Ак жол» партиясы менен өздөрүнө керектүү мыйзамдарды биринин артынан бирин кабыл алып, адам укугун, сөз экриндигин жана башка укуктарды коргоо, сактоо жөнүндө мыйзамдарды эске албай калды. Адам укуктарын коргоо багытында Кыргызстан артка кетүүдө.

Ошурахунова өлкөдө адам укугунун басмырланышынын бир далили катары кечээ Норвегия-Хельсинки комитетинин кеңсээсинин тартип коргоо кызматы тарабынан текшерүүгө алынганын атады.

“Кыргыз бийлигинин эл аралык уюмдардын алдында сүйлөгөн жалындуу сөздөрү жана убадалары менен аткарган иштери дал келишпейт”,-дейт укук коргоочу.

БУУнун адам укугу боюнча Жогорку комиссарынын орун басары Кюн ва Канды президент Курманбек Бакиев кабыл алып, Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүнүн негиздеринин бири болгон адам укугу жана жарандардын укугун коргоо жаатындагы кызматташууга өзгөчө маани бериле тургандыгын айтты. Бакиев БУУнун адам укугу боюнча Жогорку Комиссарынын Борбордук Азия боюнча аймактык башкармалыгынын Бишкек шаарында ачуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлгандыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кюн ва Канн айым Жогорку Кеңештин төрагасы жана Акыйкатчы менен да жолугушуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG