Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

“ДОДИК ТОЛКУН ЖАРАТА АЛААР, БИРОК СОГУШ БАШТООГО ЧАМАСЫ ЧАК”


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасынын өкмөт башчысы Милорад Додик жакында Хорватияда аймактагы сербдерди “коргоону”сунуш кылып эски жараатты ачып алды көрүнөт дейт Азаттыктын Түштүк Словакия жана Албан кызматынын башчысы Гордана Кнезевич. Кнезевичтин аймактагы азыркы кырдаалды талдаган ойлору менен Элеонора Бейшенбек кызы тааныштырат.

Милорад Додиктин айткандары 1987-жылда серб лидери Слободан Милошович 14-кылымда Косоводогу кагылыш тууралуу пикирлерин эске салуу менен оңтойсуз болду окшойт.

Слободан Милошович анда Косоводогу сербдерди коргоого ант берип “мындан ары аларга эч ким кол көтөрбөй турганын” ишендирген. Эч ким аймактагы сербдерге кол көтөрбөсө деле анын сөзү кийин куралдуу кагылыш башталган.

Кооптонгон, сөөгүнө чейин коммунист Милошович эл жүрөгүнөн түнөк табуунун ушундай жеңил жолун тапкан.

Милошович Хорватия, Босния, кийинчерээк Косоводогу согуштардын башталышы өбөлгө катары сыпатталат.

Эми Милошовичтин айткандарын Милорад Додик кайталап отурат. Хорватиянын борбору Загребде 1-июнда серб улутттук кеңештин мүчөлөрү менен жолугуп жатып хорватиялык сербдерди жарым жартылай түптөлгөн мамлекетине чакырып жатып мусулман хорваттардын кыжырын кайнатты.

Хорватиянын президенти Степе Мезич кыжырданып, Додикке Серб республикасы этникалык тазалоодон улам пайда болгонун эсине салды, аймактын мурунку жашоочулары эсептелген хорваттар жана мусулмандар өз үйлөрүнө кайтып барышы керектигин айтты. (1992-95-жылдардагы коогалаңда канча сербдерден башка улуттагылар каза болгондугу тууралуу азыркыга чейин так маалымат жок)

Мурунку ишкер, азыр баш-оту менен саясатта жүргөн Додик өзүнө карата мындай айыптоолорду дайыма четке кагып келет. Додик босниялык сербдердердин кадыр-баркына аларга жан тартып, ал эми “башкаларга” ырайымсыздыгын көрсөтүү менен ээ болгон.

Балкан аймагындагы азыркы абал Додикке өтө жагымдуу келгендей. Серб Республикасы ага аздай көрүнүп жаткан шекилдүү. Белградда сербдер 11-майдагы парламенттик шайлоодон кийин өкмөт түзө албай турган чактан пайдаланып “баардык сербдердин лидери” болууну көксөп жаткандыр.

Хорваттардын аймагынан чыгып кетер менен Додик бул өлкөнүн башчысына көчөдөнү тентектердей жооп кайрыды. Мындай сөздөрү Балкан лидерлери согуш маалында да укпаганы менен таңдануу жаратты. Додик Мезичке “оозун жаап, Серб Республикасына колдорун агытпоону” сунуштады. 1995-жылдагы хорватиялык сербдерди өлкөдөн куулушун анын жери да этникалык тазалоодон пайда болгон деп каяша кылды.

Милошовичтен айырмаланып Додик дүйнөгө коркунуч деле туудурбайт. Антсе да ал акыркы согуштун натыйжасын түп тамырынан бери өзгөртүп эски жараатка туз сээпкенге, анда “сербдер да өлтүрүлгөн” деген даяр жообун айта калуу менен болгон аракетин жумшоодо.

Азаттыктын Түштүк Словакия жана Албан кызматынын башчысы Гордана Кнезевич анын айткандары бир немис жазуучунун Холокост тууралуу пикирлерин эске салаарын айтат. Немис жазуучусу жөөтөрдүн курмандыктарына боор ооруганын билдирип туруп, бетин кызартпай немистер дагы жоготууларга учураганын аткан экен. Маселен немисттер тамашакөйлүгүн жоготкон имиш.

Немистер минтип тамашакөйлүгүнөн айрылса , сербдер тунук акылынан ажырагандай, дейт Гордана Кнезевич.

XS
SM
MD
LG