Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) коопсуздук боюнча жооптуу өкүлү Армения менен Азербайжанды жикчил Тоолуу Карабак аймагы боюнча талаш-тартышын тынчтык жолу менен гана чечүүгө үндөдү. Финляндия тышкы иштер министри Александр Стубб Хелсинкиде ЕККУнун Минск тобунун өкүлдөрү менен жолугуп, дал ушундай билдирүү жасады. 1994-жылы ок атышпоо тууралуу Бишкек декларациясына жетишилген менен, Армения менен Азербайжан али күнгө чейин бири-бирине карата согуш абалында кала берүүдө.