Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Түркиянын аскер учактары Ирактын түндүгүнө чабуул жасашты


Ирактын коргоо министрлигинин өкүлдөрү Түркиянын аскер учактары күрт жикчилеринин тобу жайгашкан Ирактын тоолуу түндүк аймактарына бомба таштаганын кабарлашууда. Жабыр тарткандар бар-жогу тууралуу азырынча маалыматтар жок. Түркия акыркы айларда Күрттөрдүн Жумушчу партиясынын (ПККнын) Түндүк Ирактагы тоолуу аймактарда баш пааналаган козголоңчуларына каршы бир нече чабуулдарды жасады. Бул партияга мүчө күрт жикчилери Анатолиянын чыгыш аймагында акыркы 20 жылдан бери Түркиядан бөлүнүү үчүн күрөшүп келет. Акыркы кагылышуулардын биринин учурунда Түркиянын түштүк-чыгышында 2 күрт жикчиси жана бир түрк жоокери набыт болушканы маалымдалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG