Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:49

Ооган президенти Карзай Оооганстан чет элдик аскердик күчтөрдүн көмөгүнө кеминде дагы 10 жылдай муктаж деп билдирди


Ооган президенти Хамид Карзайдын айтымында, анын өлкөсү күч-кубатын дурустап калыптандырганча кеминде 10 жылдай өтөт. Мындай божомолун Хамид Карзай Нидерландынын премьер-министри Ян Питер Балкененде менен Гаага шаарында жолуккандан кийин билдирди. Балкененде болсо өз өлкөсү, НАТО жана Евробиримдик Ооган полициясын машыктырууну күчөтөт, бирок расмий Кабул өзү да жергиликтүү полицияны кубаттандыруу чараларын арбытышы зарыл деген оюн белгиледи. Карзай Голландиядан кийин Европа сапарын улантып, бейшемби күнү (12-июнь) Парижде өтчү донорлордун Ооганстанга жардам маселеси талкууланчу эларалык жыйынына катышат. Бул жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев катышаары да күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG