Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Тегеран өзөктүк долбоорунун айынан кайрадан эскертүү алды


Кошмо Штаттар менен Европа Биримдиги расмий Тегеранга өзөктүк долбоору жаатында кайрадан эскертүү жасашты. Словенияда бүгүн аяктаган АКШ-Евробиримдик саммитинин кабыл алган документтеринин бири – Иранга байланыштуу декларация болду. Декларацияда эгерде Иран уранды байытуу иштерин токтотпой турган болсо, анда ага каршы кошумча тийешелүү чаралар көрүлө тургандыгы баса белгиленген.
Словенияда Евробиримдик жетекчилери менен президент катары өзүнүн акыркы саммитине катышкан соң, АКШ президенти Жорж Буш Ирандын өзөктүк программасы маселесине токтоло кетти. АКШ президенти эгерде Иран өзөктүк курал өндүрүүгө жетишсе, анда ал дүйнө тынчтыгы үчүн өтө коркунучтуу мамлекетке айланаарын эскертти. Буштун оюнча, Иран өзүнүн өзөктүк долбоорун токтотууга тийиш, болбосо расмий Тегеран эл аралык коомчулуктан обочодо кала берүүсүн улантат. Тегеран болсо өзөктүк долбоору тынчтык максатты гана көздөөрүн айтып келет.
Айтмакчы, Словениядагы саммиттен кийинки сөзүндө президент Буш Түркия тууралуу да кошумчалай кетти. Түркия Европа Биримдигине мүчө болууга тийиш деп расмий Вашингтон бекем ишенет, деп айтты президент Буш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG