Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:54

Дүйнөлүк жана кыргыз улуттук адабияты орду толгус оор жоготууга учурады. Ааламга атагы чыккан кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов --> http://www.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/02/DA2934D6-3B89-4A5A-9495-E10AE6C24332.asp 10-июнда катуу оорудан кийин Германияда жарык дүйнө менен кош айтышты. Чыңгыз Айтматов 16-майда Татарстандын Казан шаарында өзүнүн “Кылым карытар бир күн” чыгармасы боюнча тартылып жаткан тасмага катышуу учурунда бөйрөгүнөн кармап ооруканага жаткан эле. Андан көп өтпөй жазуучу Германиядагы Нюрнберг клиникасына которулган. Бирок дүйнөлүк маданияттын кенчине айланган чыгармаларды жараткан, кыргыз журту гана эмес дүйнө окурмандары кастарлаган бөтөнчө таланттуу жазуучуну, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерди ажалдан арачалап калуу дарыгерлердин колунан келбей калды.


Атактуу жазуучунун дүйнөдөн кайтканы жөнүндө суук кабар бүтүн кыргыз журтун кайгыга чүмкөп, калктын жүрөгү эңшерилип турган учур. Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов: “бүтүн Евразия аймагы боюнча азыркы доордун теңдешсиз калемгери болгон адам дүйнөдөн өттү. Бул көпкө дейре орду толбой турган жоготуу. Чыңгыз Айтматов – жыйырманчы кылымдын улуу жазуучусу бойдон калат”,- деп деп билдирди.

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Ч.Айтматов көп жылдардан бери дүйнөнүн эң окумдуу жазуучуларынын бири болчу. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 170 тилине которулуп, чет өлкөлөрдө жалпы нускасы 40 миллион нуска менен чыккан.

“Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев “Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу катары өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармалары менен дүйнөлүк цивилизацияны улуу идеяларга сугарып келди деп баса белгиледи:

-Улуу идеялар улуу адамдар тарабынан жаралат, ошолор аркылуу таратылат. Ошондой улуу адамдардын бири Чыңгыз Айтматов. Ал Кыргызстандын гана эмес дүйнөлүк адамзат цивилизациясынын багытын аныктаган, анын жаңы ой-кырын ачкан чыгармаларды жаратты. Чыңгыз Айтматов- улуу жазуучу жана гуманист. Ал дүйнөлүк интеллектуалдык элитадан татыктуу ордун тапты. Дүйнөнүн ар бир эли мындай уулу менен сыймыктанмак, -деди Өмүрбек Текебаев.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун Чыңгыз Айтматовдун басып өткөн жолун өтө татаал, бирок өтө даңктуу тагдыр менен жашап өттү деп мүнөздөдү:

- Согуш убагындагы, репрессия жана колхоздоштуруу, кайра куруу убагындагы бүт чыгармалары кыргыз каармандары аркылуу дүйнөгө ажайып ачылды.





Атактуу жазуучу быйыл 80 жашка карап, Кыргызстанда 2008-жыл Айтматовдун жылы деп жарыяланып, жыл башынан бери мааракеге арналган ар кандай иш чаралар байма-бай өтүп жаткан.

Чыңгыз Айтматов өткөн жылы 12-декабрда туулган күнүндө “Азаттыкка” интервью берип, жаңы жылда мамлекеттин элчиси кызматын өткөрүп берип, дагы далай чыгармаларды жаратканга үлгүрүп калсам деген чоң дем-күч менен жашап жатканын айта кеткен эле:

-Дагы бир нерсени жазып чыксам, дагы бир нерсени айтып калсам, убакыт болсо, жетишип калсам деген үмүттөмүн. Андыктан дагы жаза турган ойлорум бар. Жаңы жылда кызматтарды жыйыштырып, ырахматымды айтып, анан биротоло чыгармачылыкты, ден-соолукту ойлосомбу деген максаттамын.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Кыргызстандын Талас облусундагы Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак Кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таланттуу жазуучу катары таанылган.



Чыңгыз Айтматовдун 35 жаштагы курагы

Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамына арзыган, СССРдин Ленин жана мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты болгон. Ошондой эле ондогон башка эл аралык сыйлыктарды алган, Рим клубу, Европа илимдер академиясы сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдарга мүчө болгон.

Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, Президент Горбачевдун тушунда Президенттик Кеңештин мүчөсү, андан кийин СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү жана НАТОдогу элчиси кызматын аркалап келди.

Кубатбек Чекиров, Бишкек
XS
SM
MD
LG