Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

ФРАНЦИЯ МЕНЕН ИТАЛИЯ КҮЙӨРМАНДАРДЫН ҮМҮТТӨРҮН АКТАГАН ЖОК


9-июнда Швейцариянын Цюрих шаарындагы "Летцигрунд" стадионунда футбол боюнча Европа чемпионатынын “С” тобундагы Румыния - Франция өлкөлөрүнүн командалары беттешти. Ошондой эле кечээ түнү Швейцариянын Берн шаарындагы "Стад-де-Суисс" стадионунда Голландия – Италиянын улуттук командалары мөрөй талашты. Европа футбол таймашууларын кыргызстандык күйөрмандар да телеберүүлөр аркылуу кызыгып көрүштү.

Футбол боюнча Европа чемпионаттын таймаштары улам курчуп, кызыктуу оюндар болуп жатышканын кыргызстандык күйөрмандар дагы айтып, ар ким өзү жактырган командаларын сүрөөнгө алып жатышат.

9-июнда Кыргызстанда түн ортосу болгондо Швейцариянын Цюрих шаарында Европа чемпионатынын “С” тобундагы Румыния - Франция өлкөлөрүнүн командалары беттешти. Мында эки команда тең 90 мүнөттүк оюнда бири биринин дарбазасына топ киргизе алышпай, эсеп ачылган жок. Эсеп ачылбай 0:0 болгондуктан эки команда тең бирден упайдын ээси болушту. Бишкектик күйөрман Жоомарттын айтымында Франциянын курамында Зидандын жоктугу айкын сезилип, башталган чабуулдар акырына чыкпай калып жатты.

- Эки команда тең аракет кылышканы менен майнап чыгарыша алган жок. Франция утат го деген үмүт акталбады. Зидандын жоктугу айкын билинип, команданын чабуулун уюштурган лидерлер жоктугу көрүнүп калды. Дүйнө, Европа чемпиону болгон Франциянын даярдыгы чийки, начар экени көңүлдү чөгөрдү. Мен румындар мындай жакшы оюн көрсөтөт деп ойлогон да эмесмин. Алар татыктуу ойноду.

Он жылдан бери Франциянын күйөрманы болуп сүрөөнгө алып келаткан “Дордой” футбол клубунун вице- президенти Улугбек Салымбеков франциялыктардын бул оюна көңүлү толбой калганын айтып, быйыл Европа чемпиондугун Португалия жеңип алышы толук ыктымал экендигин билдирди.

- Мен он жылдан бери Франциянын тандалма командасына күйөрман болуп келатам. Ошондуктан быйыл дагы француздарды сүрөөнгө алдым. Бирок алар бул оюнда өздөрүн көрсөтө алышпады. Негизинен алдыда болуп өткөн оюндарга баам салсак, мага португалиялыктардын чеберчилиги, даярдыгы мыкты экени байкалды. Бул Европа чемпионатында Португалия баш байгени утуп алуусу толук ыктымал.

Ошондой эле кечээ түнү Швейцариянын Берн шаарындагы "Стад-де-Суисс" стадионунда Голландия – Италиянын улуттук командалары мөрөй талашты.

Мында голландиялыктар өз күйөрмандарына жакшы оюн көрсөтүп, оюндун биринчи бөлүгүндө эле италиялыктардын дарбазасына эки топ киргизип, демилгени колго алышты. Алгачкы топту Испаниянын “Реал” клубунда ойногон голландиялык Рууд ван Нистелрой киргизип, командасын алга сүрөдү. Калыстар бул оюнчу абсайд абалында туруп топ киргизгенин байкабай калышты көрүнөт.

Бул жагдай боюнча кийин бир топ талаш тартышуу, ар кандай пикирлер айтылышы мүмкүн. Оюнду 31 мүнөтүндө экинчи топту дагы Испаниянын “Реал” командасында ойногон голландиялык жарым коргоочу Уэсли Снейдер таамай тээп киргизди.

Ошондой эле беттешүүнүн экинчи бөлүгүндө дүйнө чемпиону Италиянын тандалма командасы канчалык аракет кылышканы менен голландиялыктардын дарбазасына бир дагы топ киргизе алышпады. Ал эми Голландиянын "Фейеноорд" футбол клубунун коргоочусу Жованни ван Бронкхорст италиялыктардын дарбазасына дагы бир топ киргизип, эсепти 3:0гө жеткирип, командасынын женишин бекемдеп койду.

Ысыккөлдүк футбол күйөрманы Жолдошбек Карыбаевдин пикиринде Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясы Европа чемпионатын түз алып көрсөтүп жатышканы менен көрсөтүүнүн техникалык сапаты начар болууда.

-Чынында эле голландиялыктарга спорттук фортуна же ийгилик, ыңгайлуу учур да келип турду. Алар жакшы учурларды колдон чыгарып жибербей демилгени колго алышты. Ал эми италиялыктар канчалык аракет кылышса дагы майнап чыгара алышкан жок. КТР аркылуу Европа чемпионатын түз алып көрсөткөнү жакшы көрүнүш. Бирок берүүнүн сапаты начар болууда. Ал түгүл Франция менен Румыниянын беттешүүсүнүн акыркы 10-15 мүнөтүн реклама беришип, көрсөтпөй коюшту.

Голландия өлкөсүндө футболго кызыгуу күч. Футбол чоң саясатка айланып, бүткүл голландиялыктар футбол дүйнөсүнө арбалып калган. Чынында голландиялыктар таза, мыкты футбол көрсөтүп, менин купулума толду. Алар быйыл Европа чемпиону болуп калышы да толук ыктымал.

Европа футбол чемпионатынын мелдештеринде ар дайыма күтүүсүз жаңылыктар болушу да ыктымал. Муну түндө Голландия далилдеп, дүйнө чемпиону Италияны 3:0 эсебинде утуп алышты.

Бүгүн 10-июнда Австриянын Инсбрук шаарында “Д” тобунда Испания менен Орусиянын тандалма командалары беттешет.

Ошондой эле Австриянын Зальцбург шаарында 2004- жылы Европа чемпиону болгон Грекия Швециянын футболчулары менен мөрөй талашат.

Учурда “А” тобунда Чехия менен Португалия бирден оюнду утуп, үчтөн упайга ээ болуп, кийинки беттешүүлөргө даярдык көрүүдө.

Ал эми «В» тобундагы атаандаштардан Австрияны өз талаасында Хорватия 1:0 эсебинде утуп, алар дагы үч упайлуу болушту. Германия менен Польша өлкөлөрүнүн командаларынын ортосундагы атаандашуу дагы курч өтүп, 2:0 эсебинде немистер утушка ээ болушкан.

Учурда бул же тигил команда чемпион болот, жеңишке жетишет деп айтуу азырынча эртелик кылат. Себеби алдыда дагы таймашуулар, күч сынашуулар турат.

Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG