Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:07

7:00 Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кайтты


Бир канча күндөн бери Германиянын Нюрнберг шаарындагы ооруканада жаткан Чыңгыз Айтматов катуу оорудан улам кечээ кечинде дүйнө менен кош айтышты. Жазуучу 16-майда орусиялык телеканал тартмакчы болгон өзү жөнүндөгү даректүү тасмага тартылуу үчүн Татарстанга барган учурда ноокастап, Казан шаарындагы ооруканага жаткырылган жана көп өтпөй Германиядагы Нюрнберг клиникасына которулган эле. Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда таланттуу жазуучу катары дүйнөгө таанылып, мыкты чыгармалары үчүн бир катар жогорку сыйлыктарды алган. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 154 тилине которулуп, 20 миллион нуска менен чыккан. Жазуучу быйыл жыл этегинде 80 жашка толмок. Буга байланыштуу Кыргызстанда быйылкы жыл Айтматов жылы деп жарыяланган. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG