Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

7:48 Конституциялык сот бүгүн эки телекомпаниянын арызы боюнча чечим чыгарышы күтүлүүдө


“Мамлекеттик тил боюнча” мыйзамдагы чектөөгө каршы сотко эки ай мурда Оштогу “Мезон” жана “ОшТВ” деп аталган көз карандысыз эки телекомпания кайрылган. Конституциялык сот бул ишти кечээ карап баштады. Анда аталган телекомпаниялардын жетекчилери бул мыйзамдагы телекөрсөтүүлөрдүн 50 пайызы мамлекеттик тилде болушу керек деген талапты аткаруу азыркыдай шартта мүмкүн эместигин айтышып, аны кыргыз тилиндеги тасмалардын аздыгына негиздешкен. Ошондой эле бул талап конституцияга каршы келээри айтылган. Сотко катышкан экинчи тарап, мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү болсо тескерисинче бул мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин, КМШнын башка өлкөрүндө мамлекеттик тилге болгон талап мындан да күчтүүлүгүн белгилеген.(SM)

XS
SM
MD
LG