Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

8:10 Чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча колдонмо жарык көрдү


“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду “Зомбулукка жол бербеш үчүн эртелеп алдын алуу” долбоорунун алкагында “Кыргызстандагы массалык жана жаатташкан чыр-чатактарда зомбулуктун алдын алуу боюнча колдонмо” чыгарды.
Анда чоң чыр-чатактарды зомбулукка жеткирбей жайгаруу боюнча кеңештер берилген. Китептеги кеңештер Кыргызстанга мүнөздүү кыйчалыш кырдаалдардын ар бирине карата (жер басып алуу, административдик имараттарды басып алуу, жолдорду тороп алуу, улут аралык кагылыштар ж. б.) топтоштурулуп, мамлекеттик органдар менен күч органдарынын өкүлдөрүнө, бейөкмөт уюмдарга, чырдашкан тараптардын өздөрүнө арналган. Колдонмону аталган долбоордо талдоочу болуп иштеп келген белгилүү журналист Жыргалбек Касаболотов даярдаган. Бул долбоор тарабынан азыр Баткен облусундагы жер жана турак-жайларды тажик жарандары мыйзамсыз өздөштүрүп жаткандыгы туурасында дагы бир аналитикалык изилдөө даярдалууда. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG