Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:06

Бүгүн Бишкекте Борбор Азия республикаларынын суу-энергетика проблемаларын жөндөөгө арналган сүйлөшүүлөрү башталды. Анда Кыргызстан менен Казакстан макулдашкан суу-энергетикалык консорциум түзүү демилгеси талкуланмакчы. Мындан бир ай илгери сүйлөшүүлөр май айынын этегинде өтөрү кабарланган. Кыйла жылдардан бери кагазда калып келаткан консорциум идеясы бул ирет төрт өлкөнүн колдоосуна ээ болобу же тараптар бир пикирге келбей тарап кетишеби?

Сырдарыя боюндагы төрт мамлекет суу-энергетикалык проблемаларын көбүнесе эки тараптуу келишимдердин жардамы менен жөндөп келатат. Быйылкы жылдагы суунун тартыштыгы кыйладан бери айтылып келаткан суу-энергетикалык консорциум түзүү идеясын чынга чыгарууга түрткү берүүдө. Бирок да консорциумдан Кыргызстандын табар пайдасы аз. Анын жөн-жайын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары институтунун директору академик Дүйшөн Маматканов “Камбарата – 1” ГЭСинин курулушуна байланыштуу түшүндүрөт.

- Анан булар туура эмес иш кылып жатышат. Кыргыздар өзү аны көп жакшы түшүнбөй атышат.

Жалаң эле консорциум идеясы эмес, Бишкектеги суу чарба, энергетика тармак жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүндө ириде сугатка бериле турган суунун өлчөмү, шарттары козголо тургандыгын Кыргызстандын айыл, суу чарба, кайра иштетүү министрлигинин Суу чарба департаментинин жетекчиси Баратали Кошматов маалымдады.

- Негизги маселе ушул, Токтогул суу сактагычынан канча суу чыгарса болот же болбойт. Чыгарсак кайсы шартта чыгарабыз.

Суу-энергетикалык консорциум идеясынын багы ачылбай келатышын айрым адистер Өзбекстандын мамилесине байланыштырышат. Суунун деле товарга жатарын, аны сактап, керектүү учурда жеткирип берүү кыйла каражатты талап кылган түйшүгү көп жумуш экенин расмий Ташкен такай четке кагып келатат. Ошол себептүү бул ирет сугат сууну кантип жана канча бөлүштүрүү маселеси өзгөчө мааниге ээ болуп отурбайбы.

Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отунсуу ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков өлкөлөр ортолук мындай чиеш маселени шашпай, салмактап чечүүнү тура көрөт.

- Коңшулар сууну товар деп таанып, ага жараша акча төлөгүчө суу бербей коебуз дегендерге: бул жерде маселеге өтө этият мамиле жасоо зарыл. Аны иш ырааты менен улантып, бул маселени улуттуктан жогору турган институттардын деңгээлине жеткирүү абзел.

Академик Д.Маматканов Кыргызстан суу таңкыстыгы күчөп бараткан чакта экономикалык кызыкчылыгын баарынан алдыга коюшу керек деп эсептейт.

- Азыр Токтогулда суу жок. Эгер агып келген суунун баарын тоссок жетиштүү суу болот. Жок, такыр тосо албайбыз. Анан эртең өзбек келет, казак келет десек, кышкысын дагы кыйналабыз. Суу жок, электр энергия жок деп отурабыз. Кеп анда эмес. Кеп бул иштин, жанагы жагдайдан чыгуунун механизмин чечиш керек. Анын баары иштелген. Бирок аны эч кимдин караган жери жок.

Жалаң суунун маселеси артынан энергетиканын эсепсиз проблемаларын чубай чыгат. Бул маселе сүйлөшүүлөрдөгү негизги орунда тургандыгын Баратали Кошматов да ырастады.

- Өзүмдүк керектөөдөн тышкары отун-суу энергетикалык керектөөбүздү эсептеп чыгып кийин айтабыз го. Бир канча варианттарыбыз бар. Анын кайсынысына токтолорубуз азырынча белгисиз.

Ортодогу суу-энергетика проблемасы төрт өлкө үчүн пайдалуу негизде чечилбегенинен үмүтүн үзгөн Казакстан кыйладан бери Көксарай суу сактагычын баштоо зарылдыгын айтып келатат. Оголе көп акча, түйшүгү көп жумушту аркалоого расмий Астананын чама-чаркы жетишет. Бирок да көп жерди ээлеген тайыз суу сактагыч он жылга жетпей шилендиге толуп, курулуштун экологиялык салакасы бийлик ээлерин, адистерди сестентүүдө. Антип акча кетирип жаңы суу сактагыч салыштын ордуна коңшу өлкөлөрдүн мунасага келип, талаш маселени так чечип алышка саясий дем-дымактары жетпей жатат шекилдүү.
XS
SM
MD
LG