Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

Атпай журтка чоң кайгы келди: кыргыз эли урумда жок уулунан – Чыңгыз Айтматовдон ажырады. Апазы суук бул кабар кыргызга түндүгү түшүп, түркүгү кулагандай эле оор окуя болду.

Чыңгыз Айтматов – дүйнөнүн кайсы бурчунан туруп карасаң да азыркы заманда адамзат чыгаан санаган саралуу таланттардын эч киминен кем калбаган,тескерисинче, аларга эгей-шыгай болуп, тең келип турган ысым эле.

Айтматовдун аты менен кыргыз улут катары башка элдердин баамына урунуп, алар менен үн алыша, үзөңгүлөш жүрө алган эл болуп көрүндү. Айтматов үркөрдөй бир ууч элин дүйнөлүк заманбап маданияттын кеңири чабытына алып чыгып, анын барааттыгын баарына таанытты. Алыс-жуук жамаат да Айтматов десе кыргызды, кыргыз десе Айтматовду билчү эле. Айтматовдун кыргызга кылган улуу кызматы ушунда турат. Ал өзү да көрүнгөн эле элдин шыбагасына бүтө бербеген, ар кандай эле калкка жазмыш атаа кыла бербеген, жаза тайып кылымда бир жаралып калчу улуу адамдардын уркунан эле.

Өзбекстандык белгилүү калемгер Мухаммед Солихтин баасында Айтматов түрк калктарынын даанышманы, озук ойчулу эле. “Чыңгыз Айтматов XX кылымдагы мүлдө түрк ааламынын ар-намысы жана сыймыгы эле, - дейт ал. – Элдик түшүнүктө ал көңкү түрктөрдүн кеменгери, көсөмү деп айтса боло турган инсан болчу”.

Көзү тирүүсүндө эле көп элдин ушуга окшош бийик баасына татыган Айтматов эми арабызда жок. Кайран киши көк теңирде балбылдап күйүп туруп, капыстан кулап учкан жылдыздай болуп бу ааламдан өтүп кетти. Бул ачуу чындыкка тен бере, кабырга кайшып турган ушул азалуу чакта кандай адамдан айрылганыбызга ой чаптырып отуруп, убарлуу журттун уюткусунан жалгап Айтматовдой дагы бир чыгаан азамат кыргыздан чыгар бекен?-деп камсыгып кетесиң.

Ылайым атпай кыргызга Айтматовдун аты бир кезде өндүрүндө өзү төрөлүп, торолуп өскөн Манас-Атанын ак кар, көк музундай болуп түбөлүк турсун!
XS
SM
MD
LG